Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2023

"Соо жери калбаптыр". Секелектин үрөй учурган өлүмү

0
Казакстандын Түркстан облусундагы Жибек Жолы айылында беш жаштагы кыз киши колдуу болду. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн секелектин денеси коңшусунун үйүнөн табылган.


Кыздын өлүмү жергиликтүү тургундарын үрөйүн учуруп, укук коргоо органдарынын шектүүнү өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Айылга полиция келип, интернет өчүрүлдү.


14-июлда түш ооп калганда Жибек Жолы айылынын жашоочулары секелекти акыркы сапарга узатты.


Сөөктү өлүкканадан күндүзгү саат 11де алып чыгышкан. Маркумдун үйүнө туугандарынан башка чоочун адамдарды киргизишкен жок. Кайгыдан бүк түшкөн кыздын энеси бир канча жолу эсин жоготту.




Тажияга келген айылдаштар үйдү кайтарган полиция жана акимчиликтин кызматкерлеринен шектүүнү өткөрүп берүүнү суранышты. Алар баланы издөө ишине полиция кайдыгерлик кылганын айтып жатышты.


Жаназа саат түшкү саат 2де, айылдагы мечитте окулду. Сөөктү жайга коюу үчүн алып бараткан жатканда айрым туугандар табытты ачып, кыздын денесиндеги жарааттарды видеого тартуу керектигин айтышты.


Бирок жарандык кийимчен адамдар кыздын атасын чогулгандардын тилин албоого чакырышты.




"Балапаным, сени сактай албадым" деп эсин жоготкон кыздын энесине таңдан бери ошол жерде жүргөн тез жардам кызматынын дарыгерлери медициналык жардам көрсөтүп турушту. Бул көрүнүш ошол жерде тургандардын баарын ыйлатты. 


"Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн"


13-июлда түштөн кийин жоголгон секелекти адегенде ата-энеси менен туугандары издеп, андан кийин аларга айылдаштары жардамга келген.  


"Саат түшкү бирден өткөндө үйдөн чыккан. Артынан алты мүнөттөн кийин чыгып, таппай калдым. Айлана-тегеректин баарын карадык, айылды тинтип чыктык. Жашоочулар менен бирге издөө ишин уюштурдук", - дейт кыздын энеси.


Баланын атасы мурда соттолгон коңшусунан шек санап, үйүнө барган. Бирок кызын тапкан эмес. Үчүнчү жолу шектүүнүн үйүнө айылдаштары кирген. Алар кокусунан кыздын көйнөгүн көрүп калгандан кийин үйдө тинте башташкан.


"Кыз саат кечки тогузга жакын чатырдан табылган. Денесинде соо жери калбаптыр. Оюна келгенин жасаган экен. Жети-сегиз жолу бычак шилтептир. Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн", - деди кыздын атасы.




Секелектин ата-энесинин айтымында, алар коңшусу менен мурда-кийин чырдашып же сүйлөшкөн эмес.


"Ал мурда да соттолгон. Экинчи жолу кылмыш кылганда жазадан жеңил кутулуп кеткенин билчүбүз. Эгер укук коргоо органдары кылмышкерлерди жазалап турса, ушундай окуя болот беле? Аны эркиндикке чыгарып жиберген кызматкерлерди таап, жазалоону талап кылам", - деди кыздын атасы.


Кыздын сөөгүн Ержан Ахметов аттуу айыл тургуну тапкан. Ал коңшу үйдүн чатырына чыкканда жерде жаткан шиферди басып алып, астында бир нерсе жатканын сезген. Шиферди өйдө көтөргөндө астында бала өлүп жатканын көргөн.


"Андан ары эмне болгону эсимде жок", - дейт Ахметов.


Секелектин өлүмүнөн кийинки толкундоо


14-июлда Сарыагаш районундагы Жибек Жолы айылынын кире беришинде полиция кызматкерлери тизилип турду. Алар айрыкча жашоочулар менен күч кызматтары кагылышкан калктуу аймакта чыңдоону күчөтүштү. Чыр айыл тургундары  полициядан шектүүнү "өзүбүз жазалайбыз" деп өткөрүп берүүнү талап кылганда чыккан. 




 


Полициянын облустук департаменти айылда кагылышуу болгонун ырастап, бирок кырдаал жөнгө салынганын билдирди. Жибек Жолунун көчөсүндө азыр да полиция кызматкерлери жүрөт, алар шектүүнүн дагы, киши колдуу болгон кыздын ата-энеси турган үйүн да күзөтүп турушат. 


Айылда интернет өчүрүлүп, түндө Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрүү пункттары жабылганы маалым болду. Жибек Жолы айылы эки мамлекет чектешкен жерде жайгашкан. 




"Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду


Полиция иликтеп-тергөө иши "өзгөчө көзөмөлдө" жүрүп жатканын билдирди.


"Азыркы факт "Адам өлтүрүү" беренеси менен катталды. Экспертиза дайындалды. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Шектүү Сарыагаш райондук полиция бөлүмүндө кармалып турат. Бардык кырдаал териштирилет", - деп жазылган Түркстан облусунун полиция департаменти 14-июлда тараткан билдирүүдө. 


Билдирүүдө окуя болгон жерге аймактын полиция департаментинин жетекчиси, облус прокурору, тергөө-ыкчам тобу барганы кошумчаланган. 


14-июлда Акордо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Түркстандагы Сарыагаш районунда болгон кырсыктан кабардар" деген маалымат таратты.


Токаевдин басма сөз кызматы шектүү "мурда киши өлтүргөнү үчүн 10 жылга эркинен ажыратылганын, ушул жылы ден соолукка атыйылап зыян келтиргени үчүн үч жылга соттолгонун" кабарлады. 


Макаланын автору "Азаттыктын" казак кызматынын Чымкенттеги кабарчысы Дилара Иса. 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России