Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2023

Суу жоктугуна нааразы болуп акцияга чыккандар суракка чакырылганы кабарланды

0
Таза суунун чыкпай калганын айтып, нааразылык акциясына чыккан Селекция жана Сары-Өзөн айылдарынын тургундары суракка чакырылганы кабарланды.


Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына үч кишини күч кызматкерлери алып кетип, 48 саатка камаганы жатканын жазды.




 


Милициядан суракка чакыруу келгенин айыл тургундары "Азаттыктын" кабарчысына ырасташты. Бирок канча киши чакырылганы жана алардын аты-жөнү азырынча белгисиз.


Милиция бул тууралуу маалымат бере элек. 


Ушул эле күнү блогер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин аймагынан ат талапкер болгон Эртай Искаков суракка күбө катары чакырылганын "Азаттыкка" өзү билдирген. Ал 14-июлдагы акцияны видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыккан. Чогулгандар менен жолугуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө суроо берген.


14-июлда Сокулук району менен Бишкек шаары чектешкен Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары таза сууга байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүшкөн.


Тургундар бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылып Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүнө топтолушкан. Алар үч айдан бери сууга жетпей отурганын, бул маселе тез арада чечилбесе, жолду бууганга чейин бара турганын эскерткен.


Чогулгандар менен жолуккан "Бишкек сууканалынын" жетекчиси Таалайбек Орозов  эки жумада маселе толук чечилерин айткан. Бүгүн, 15-июлда Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилип жатканы маалым болгон.


Сокулуктагы Селекция жана Орок айылдарынын жана Арча-Бешик конушунда жай башталгандан бери суу чыкпай, тургундардын нааразылыгын жаратууда.


3-июлда аталган айылдардын жашоочулары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан. 


Кыргызстанда быйыл катуу ысыктан улам шаарда ичүүчү, элетте сугат суу тартыштыгы жаралды. (MKt)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России