Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2023

Таза сууну талап кылган акциядан кийин үч киши камакка алынды

0
Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тороону уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер жана эки жергиликтүү жаран камакка алынды.


Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүү катары 1980-жылы туулган Э.И жол тосууга, 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. бейбаштыкка шек саналып камакка алынып, тергөө башталганын кабарлады.


14-июлда Сокулук районуна караштуу Селекция айылынын жүздөй тургуну таза суу чыгарууну талап кылып нааразылык акциясын өткөргөн. Милиция чогулган элдин арасынан "күч органынын кызматкерлерине баш ийбей, таш ыргыткандар" болгонун, териштирүү маалында бул атайын уюштурулганы аныкталганын билдирди.


"Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары ар кандай маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн ачылган Вотсап тайпада учурдагы көйгөйгө айланган суу маселесин да талкуулап келишкен. Ал тайпага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, жергиликтүү тургундар радикалдуу кыймыл-аракет жасабаса, суу маселеси чечилбесин айткан. Өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды. Буга байланыштуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) менен иш козгогон", - деп жазылган маалыматта.


Социалдык тармактын колдонуучулары шектүү "Э.И" блогер, Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаков экенин жазышууда.


Эртай Искаков 15-июлда суракка күбө катары чакырылып, милиция бөлүмүнө баратканын "Азаттыкка" өзү билдирген. Ал 14-июлда болгон нааразылык акциясын видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыккан. Чогулгандар менен жолугуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө суроо берген.


Сокулук району менен Бишкек шаары чектешкен Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн торошуп, суу берүүнү талап кылышкан. Алар үч айдан бери таза сууга жетпей отурганын, маселе тез арада чечилбесе, жолду бууй турганын эскертишкен.


Топтолгон эл менен "Бишкек сууканалынын" жетекчиси Таалайбек Орозов жана аким баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жолуккан. 15-июлда Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилип жатканы белгилүү болгон.


Сокулуктагы Селекция, Орок айылдарында жана Арча-Бешик конушунда жай башталгандан бери суу чыкпай, тургундар нааразы болууда. 3-июлда аталган айылдардын жашоочулары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан. (ST)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России