Добавить новость
103news.com
World News
Сентябрь
2023

Депутат Икрамов өкмөттүн азык-түлүк боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады

0
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында аткаруу бийлигинин тамак-аш коопсуздугу боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады. Ал базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, буга өкмөттү айыптады.


“Өкмөт, министрликтер кыштан кантип чыгуу боюнча план коюш керек. Казакстанга сууну каалагандай бердик. Ошентип жатып азыр суудан же ундан жок болуп атат. Күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго кымбаттады. Биз буга чейин азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып келгенбиз. Элден кантип акча жыйнашты билебиз, аларды кантип багышты билбейбиз. Пенсиясына 500 сом кошконубуз менен унга эле бир күндө миң сом кошулуп жатпайбы”, - деди Икрамов.


19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.


Мындай талкуулардан кийин Бишкек шаарында ун сатуу боюнча атайын жармаңкелер 20-сентябрдан тарта иштей баштады. Монополияны жөнгө салуу кызматы билдиргендей, жармаңкеде 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек. Экономика жана коммерция министрлиги бир кап ундун баасын 1500 сом деп бекитти.


Министрлер кабинети буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан сыртка ташууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.


Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России