Добавить новость
103news.com
World News
Сентябрь
2023

Парламентте Мадумаров боюнча комиссия түзүү маселеси бүгүн да чечилбей калды

0
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси парламенттин бүгүнкү 21-сентябрдагы жалпы отурумунда да көтөрүлдү. Аталган фракциядан депутат Алишер Эрбаев маселени кайрадан добушка коюуну суранды:


“Ар бир фракция өзүнүн өкүлүн көрсөтүп, бирок түшүнбөстүктүн негизинде протокол бекитилбей калган. Бүгүнкү күн тартибине ушуну биринчи кылып киргизип берсеңиз. Ушундай эле кайрылуу менен “Альянс” фракциясы да БШКнын депутат Алимжанов тууралуу чечими боюнча комиссия түзүүнү сунуштап жатат. Азыр эгер бул боюнча комиссия түзүлүп, ал эми Мадумаровго келгенде түзүлбөй кала турган болсо коомдоо терс ойлорду жаратып калышы мүмкүн”.


Жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Нурлан Сыдыгалиев сунушту маселе кечээ каралганда көтөрүш керек болчу деп айтты:


“Кийинки жумада киргизебиз. Бүгүн киргизе албайм. Кечээ дароо киргизиш керек болчу. Кайра кайрылып келсек болот 80-берене боюнча дагы бир жолу добушка койсок болот”.   


Сыдыгалиевдин мындай жообуна байланыштуу “Бүтүн Кыргызстандын” депутаты Гуля Кожокулова “оппозицияга карата тандалма мамиле” жасалып жатканын айтты:


“Анын үстүнө, казус окуя болуп кетти – баары комиссия түзүлсүн деген добушун беришти, комиссия иш жүзүндө түзүлдү, анын курамы боюнча гана добуш жетпей калды. Мисал келтирип айтпай эле коёюн азыр, бирок кээ бир маселе боюнча кайра добушка коюлуп, ал эми кээ бирлерине, оппозицияга келгенде, коюлбай калууда. Бул туура эмес да”.


Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылды. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров өзү ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин билдирген.  


Саясатчынын камакка алынышы канчалык мыйзамдуу болгонун аныктоо үчүн парламентте комиссия түзүү сунушталып, кечээ 20-сентябрда өтпөй калган.


Комиссиянын курамына алгач алты депутат кирген –Жанарбек Акаев («Альянс»), Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»), Шараптакан Мажитова («Ынтымак»), Жалолидин Нурбаев («Элдик»), Айсара Абдибаева («Ишеним») жана Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан»).


Бирок «Мекенчил» депутаттар тобу менен «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы комиссияга өз өкүлдөрүн сунуштабай коюшкан.



Мындан улам депутат Дастан Бекешев мүчө болуу сунушун айтып чыккандан кийин комиссия түзүү маселеси добушка коюлган. Натыйжада 40 депутат макул болуп, 11и каршы чыккандыктан Нурбек Сыдыгалиев комиссиянын курамы үчүн жети киши, ал эми аны түзүү үчүн 46 добуш керек экенин айтып, кийинки маселени кароого өткөн. (RK)






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России