Добавить новость
103news.com
World News
Сентябрь
2023

Парламентте Алимжановдун мандаты боюнча депутаттык комиссия түзүлбөй калды

0
Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында "Альянс" фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун мандатынын алынышын териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлбөй калды. Буга макулдук берген депутаттардын санынын аздыгы себеп болду. Парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев депутаттык комиссия түзүү үчүн кеминде 46 депутат макулдугун бериши керектигин тактады. 


Жыйында Алимжановдун мандатына байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү “Альянс” фракциясы сунуштаган. Фракция лидери Жанарбек Акаев Боршайкомдун депутатты мандаттан ажыратуу чечимин адилетсиз деп баалады.


Бул күнү Жогорку Кеңештин жыйынына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.


Ал Алимжановдун мандатынын алынышына себеп болгон диплому боюнча корутундуну Билим берүү жана илим министрлиги бергенин, анда депутаттын эки диплому тең жараксыз деп жазылганын билдирди.


Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү өнөктүгүнүн алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун ("Альянс") дипломдору жасалма экенин аныктаганын жарыялап, 2022-жылы БШКга маалымат берген. Андан кийин Билим берүү жана илим министрлиги да дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.


БШК диплом чырына байланыштуу Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду быйыл 6-июлда мандатынан ажыраткан.


Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.


Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен. Алар БШКнын чечими боюнча сотко арызданышкан.


Бишкек шаардык административдик соту 3-4-августта депутаттардын ишин карап, экөөнүн тең арызын канааттандырган эмес. Мындан соң эл өкүлдөрү Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот Фарходбек Исмаиловдун арызын 20-сентябрда карап, чечимди күчүндө калтырган. Ал эми Фарходбек Алимжановдун арызын 28-сентябрда карайт.






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России