Суучул Денис Петрашов Олимп оюндарына жолдомо алды
Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо жана 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарына катышкан. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
Буга чейин балбан кыздар Айпери Медет кызы жана Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыгышып, Олимпиадага жолдомо алышкан. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта финалдык беттеште бутунан жаракат алып, таймашын уланта албай, күмүш медал тагынды. Айсулуу Тыныбекова 21-сентябрда 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Сакура Мотоку менен күрөшөт. (ECh)
