Добавить новость
103news.com
World News
Январь
2025

WSJ: Трамп кызматка киришери менен Чикагодо мигранттарга каршы рейд башталат

0
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп 20-январда ант берип, кызматка киришери менен бул өлкөдө мигранттарга каршы рейддер башталат. Бул тууралуу The Wall Street басылмасы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Ага ылайык, текшерүүлөр инаугурациянын эртеси эле, 21-январда Чикаго шаарында башталат.



Рейд жүргүзүүгө иммиграциялык жана бажы полициясынын 200гө чейинки кызматкери тартылат. Ириде буга чейин жол эрежесин бузуу өңдүү тартип, мыйзам бузууга, кылмышка баргандарды текшерүү башкы максаттардын бири болот.


АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин администрациясы мындай мыйзам жана тартип бузуулар мигранттарды текшерүүгө негиз эмес деп эсептеп келген.



Басылманын ырасташынча, Чикагодон кийин мындай рейддер Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Денвер жана Майамиде уланышы мүмкүн.




Трамп шайлоо өнөктүгү маалында эле Кошмо Штаттардын тарыхында болуп көрбөгөндөй жапырт депортациялоо программасын ишке ашырарын билдирип келген. Анын негизинде 15-20 миллионго чейин мигрант АКШдан чыгарылышы ыктымалдыгы айтылган. Шайланган президент Ак үйгө келери менен эле мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнү убада кылган.


АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында жашайт жана алардын жалпы саны, расмий маалыматка ылайык, 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны мындан кыйла көп.



Соңку жылдары АКШга негизинен Мексика аркылуу мыйзамсыз барган жана барууга аракет кылган кыргызстандыктар көбөйдү.



2023-жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдейи мыйзамсыз киргени айтылган. Алардын 17 миңдейи Өзбекстандын, 7 миңдейи Кыргызстандын, 3 миңдейи Тажикстандын, 2700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары болгон.




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России