Добавить новость
103news.com
World News
Март
2025

Баткендеги чек ара жаңжалында каза болгон аскерлердин жакындары акцияга чыкты

0

Баткенде чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокерлердин жакындары 18-мартта Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта нааразылык акциясына чогулушту. Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Ош облустарынан келген ата-энелер маркумдараг өкмөттүк деңгээлде жетиштүү сый-урмат көрсөтүлбөй жатканын айтышты.

“Мекен баатырын (наамын) берсин. Акимчиликтерге дайындалып, турнир өткөрүп турсун, эскерүү күн кылсын. 14-сентябрда каза болгон балдарыбызга эскерүү күн жок, ар бир ата-эне өзүнүн үйүнөн куран окутуп, ар бирибиз балабызды ошо өткөн күнү эскерүү кылабыз. А өкмөт тараптан эскерүү жок такыр эле бизде”, - деди Жумгал районунун тургуну Көкүмбаева Динара.

2023-жылы 20-июлда чек ара жаңжалынын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

2021-жылдын апрелинде Баткенде жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда курман болгон адамдардын балдарына, жабыр тарткан адамдарга жана эгерде курман болгон адам жалгыз баласы болсо, курман болгон адамдардын ата-энелерине социалдык кепилдиктер убадаланган. Нааразылыгын билдирип жаткан ата-энелер эгер курман болгон аскер үй-бүлөдө жалгыз бала болсо гана социалдык кепилдиктер караларын, башка бир туугандары болсо жеңилдиктер берилбей турганын айтышты.

“Мыйзамдар боюнча жалгыз бала аскер кызматына тартылбайт. Ошол себептен биз бул мыйзамдын темасында гана калдык. Иш жүзүндө бул мыйзам камтылбай калды. Ошол ата-энелердин баары ошол мыйзамдын сыртында калды. Темасында барбыз, ичинде барбыз. Бирок камтылышында жокпуз да. Могу жалгыз бала деген сөздү алып туруп, анан кийин ондоп койсо, түзөтүп койсо деген. Бул боюнча биз Жогорку Кеңешке бир нече жолу кайрылдык. Ошол боюнча жыйынтыксыз калып атат. Президенттик администрацияга дагы кайрылып көрдүк, бизди кабыл алуу болгон жок”, - Бишкек шаарынын тургуну Мырзаке Сулайманов.

Акцияга чыккандардын талаптары боюнча бийлик тараптан комментарий боло элек.

2021 жана 2022-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта эки тараптан тең ондогон кишилер, арасында аскерлер каза тапкан. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. (NA)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России