Добавить новость
103news.com
World News
Март
2025

Израил армиясы Газага абадан сокку урууну улантууда

0

Израил армиясынын соңку аба соккуларынан Газа тилкесинде кеминде беш адам каза болду. Бул анклавдын Саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдирди. Израилдин армиясы чабуулдарын жандантканын ырастап, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) аскердик объектилерди бутага алганын билдирди. ЦАХАЛдын билдирүүсүнө караганда, сокку хамасчылар Израил аймагына ракета атуу үчүн даярданып жаткан жайга урулган.

Израил 18-мартта аба соккуларын кайра баштаган. Анын алдында тараптар ок атышууну токтотуу келишимин бузган деп бири-бирин айыпташкан.

Андан тышкары, Израилдин аскер-деңиз күчтөрү ХАМАС жана "Ислам жихады" радикал топтору "теракт жасоо үчүн" колдонушу мүмкүн делген бир нече кемени бутага алды.

Шаршемби күнү Израилдин армиясы Бейт-Ханун жана Хан-Юнис шаарларына абадан барактарды таркатып, тургундарга үйлөрүнөн шашылыш чыгып кетүүнү эскерткен.

"Алдыдагы чабуулдардан коргоном деп үйүңөрдө же чатырларда калуу өмүрүңөргө жана үй-бүлөңөргө коркунуч келтирет. Дароо чыгып кеткиле!" – деп жазылган Бейт-Ханун шаарына абадан таркатылган барактарда.

Шейшемби күнү Израилдин аба соккуларынан 400дөн ашуун адам каза тапканын Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирген. Израил бул чабуулдардын "башталышы гана" экенин эскерткен.

Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу 19-январда күчүнө кирген. Келишимдин алты аптага созулган биринчи баскычы марттын соңунда аяктаган. Анын алкагында тараптар барымтадагы туткундардын айрымдарын айырбаштоого үлгүрүшкөн. Тараптар макулдашууну узартуу боюнча мунаса таба албай келишет.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС ок атышууну узартуу боюнча сунуштарды четке каккандыктан, сокку урууга буйрук бергенин айтты.

Израил билдиргендей, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, 250дөй кишини барымтага алынган. Маалыматка караганда, учурда согушкерлердин туткунунда дагы 59 адам бар.

ХАМАС болсо Израилди согушту токтотуу боюнча туруктуу келишимге жетишүүгө ортомчулук кылган тараптардын аракеттерине тоскоолдук кылып жатат деп айыптады.

ХАМАСтын өкүлдөрү үч баскычтан турган ок атышууну токтотуу келишимин аткарууга даяр экенин билдиришти.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, Израилдин Газадагы аскердик операциясынан 48 000ден ашык адам каза болгон.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России