Добавить новость
103news.com
World News
Март
2025

БШК депутат Султанбай Айжигитовдун мандатын алды

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БША) 28-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандатын алды.

Жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айтты. Ал Султанбай Айжигитов талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгон деп эсептейт.

Боршайкумдун төрагасы Тынчтык Шайназаров Султанбай Айжигитовго байланыштуу УКМК БШКга берген маалыматтарды айтып берди.

“2020-жылдын 14-февралы Чүйдүн Сокулук районунун өкүмү. Айжигитов Султанбай Абдрашитович Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин1-бөлүгү боюнча жеңил жаракат келтирүүгө байланыштуу күнөөлүү деп табылсын, аны жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыктан жаза белгиленбесин”, - деген Шайназаров Чүй облустук соту 2021-жылдын 10-июнунда райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырганын айтты.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов Султанбай Айжигитов соттун өкүмү тууралуу маалыматты БШКга шайлоонун алдында бергенде азыркы маселе көтөрүлмөк эмес деди.

Султанбай Айжигитовдун адвокаты жана депутат өзү мандат алуу мыйзамсыз экенин айтты. Жыйынтыгында Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн 11и Султанбай Айжигитовдун мандатын алууну колдоду. Бир гана мүчөсү Нурлан Койчукеев “каршы” болду. Эми Султанбай Айжигитов Боршайкум чечимине каршы сотко даттанса болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 19-марттагы жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишимдери тууралуу маалымат берген. Ушул эле отурумда “Султанбай Айжигитов 2017-жылы бир баланы уруп кылмыш иши ачылганын, кийин мөөнөтү өттү деген негиз менен кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткенин” айткан. Бул боюнча документтерди БШКга бергенин билдирип “эртең Султанбай Абдирашитовичтин мандатын алып койсо таң калбаңыздар” деген.

Султанбай Айжигитов “баланы сабаганы тууралуу далил жок экенин, ушунун негизинде “мөөнөтү өтүп кетти” деген жүй менен сот бул ишти жапканын жана соттуулугу жок экенин” билдирген.

Быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында ал “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы өз өкүлүнүн мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.

19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу келишимдер ратификациядан өтүп, добуш берүүгө катышкан 85 депутаттын ичинен жалгыз Султанбай Айжигитов каршы добуш берген.

Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон.

65 жаштагы Султанбай Айжигитов кесиби боюнча инженер-механик, ал Ригадагы авиациялык институтту аяктаган. Кийин Киевде КГБнын жогорку курсун аяктап, 1987-1993-жылдары коопсуздук тармагында иштеген. 2000-жылдан тарта бир нече жыл Баткен облусунда ар кандай кызматтарда иштеп, эки жолу облустун губернатору болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңешке “Ыйман Нуру” партиясы менен шайланып келген. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России