Добавить новость
103news.com
World News
Апрель
2025

Чакан ГЭСтердин 90% ички инвесторлор куруп жатканы айтылды

0

Кыргызстанда ГЭСтердин 90% ички инвесторлор куруп жатат. 2025-жылы жалпы кубаттуулугу 64 МВт беш чакан ГЭС ишке кириши мүмкүн.
Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди. Ал мурда суу жөн эле агып келсе, эми андан энергия өндүрө турганын белгилеген.
"2025-жылдан 2028-жылга чейин өлкөдө 406 мегаваттка (МВт) жакын Чакан ГЭСтерден кошумча генерация пайда болот. Бизде “Чакан ГЭС” деген ачык акционердик коом бар. Ал 30 МВт’ка чейинки ГЭСтерди тейлейт. Бул ишкана “Бала-Саруу” ГЭСин курду. Эми Орто-Токой суу сактагычында 21 МВт, Папан суу сактагычында 27 МВт, Токтогул ГЭСинин жанындагы Каракөл дарыясында 18 МВт чакан ГЭСтерди салып жатат. Мунун баарын ал Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алып же кытайлык инвесторлорду тартып салып жатат. Калганын биздин жеке ишкерлер курууда", - деген Ибраев.
Министрлин айтымында, ушу тапта чакан ГЭСтер 450 млн кВт/саатка чейин электр энергия өндүрүп берип жатат.
Ибраев берген маалыматка ылайык, Нарындагы кубаттуулугу 100 МВт “Куланак” ГЭСи келерки жылы бүткөрүлгөнү турат. “Камбар-Ата-2” ГЭСине кубаттуулугу 120 МВт болгон экинчи агрегат орнотулат. Камбар-Ата-1 ГЭСи курулууда.

“Казарман” (1160 МВт), “Суусамыр Көкөмерен” (1305 МВт) ГЭСтери курулуп, Жогорку Нарын каскадын (237,7 МВт) куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүүдө.

Ибраев маекте ГЭСтер ар кайсы райондордо курулуп жаткандыктан ошол жердеги айыл өкмөткө ар бир кВт/саат электр энергиянын 1% калтыруу каралып жатканын айткан. ГЭС салынып бүткөндө айылдагы тургундардан кеминде 10 адам жумуш орун менен камсыз болорун белгилеген.
Быйыл март айында президент Садыр Жапаров чакан гидроэлектрстанциялары (ГЭС) салынып жаткан аймактардагы элге кайрылып, курулуш иштерине тоскоол болбоого чакырган. Ал ушул тапта Кыргызстанда 40 чакан ГЭС 312,5 млн кВт саат электр энергиясын өндүрүп жатканын, дагы 37 чакан ГЭСтин курулушу башталганын, быйыл 18 чакан ГЭС ишке берилерин кошумчалаган.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан жана Өзбекстандан сатып алат. (ST)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России