Добавить новость
103news.com
World News
Апрель
2025

Мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн 7 млрд дарак отургузуу сунушталды

0

Президенттин иш башкармалыгы мөңгүлөрдүн эришин жайлатуу жана экологиялык кризистин алдын алуу үчүн 7 млрд дарак отургузуу демилгесин көтөрдү.

Соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда акыркы жылдары мөңгүлөр тездик менен эрип, айрымдары жок болуп кеткен.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмаз Раимбеков Фейсбук баракчасына көйгөйдү чечүү үчүн республика боюнча 7 млрд дарак отургузуу керек экенин жазды.

"Кыргызстан мөңгүлөрдүн 40% жайгашкан Азиянын жүрөгү. Окумуштуулар мурда жүз жылга жетет деп эсептелген мөңгүлөр алдыдагы 35 жылда толук жок болуп кетиши мүмкүн экенин айтууда. Миллиондогон адамдарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыздаган мөңгүлөрдүн жок болуп кетиши өлкөнүн суу коопсуздугуна коркунуч жаратып, айыл чарбага олуттуу зыян келтирет", - деп жазды Раимбеков.

Ал дарак отургузуу демилгесине акыркы 40 жылда 66 млрд тал-терек өстүрүп, чөлдү жашылдандырган Кытайды мисалга тартты.

4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн “Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү” эл аралык форумунда президент Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн абалы тууралуу айткан.

Мамлекет башчы акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% азайганын, 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн экенин белгилеген.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөөдө дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Кыргызстанда абанын ысышы эки эсе тездик менен жүрүп жатканы кабарланган.

Кыргызстанда жылдык орточо температура 1960-2023-жылдар аралыгында 1,2 °C ысыган. Дүйнөлүк көрсөткүч 0,6 °C.

Кыргызстандагы "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында 2022-жылы "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталган. Ага ылайык, 2030-жылга чейин өлкөдө 90 млн көчөт тигүү планы айтылган.

Ошол эле маалда быйыл Бишкекте жана Ошто жолду кеңейтүү үчүн бир катар бак-дарактар кыйылды. (ST)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России