Добавить новость
103news.com
World News
Апрель
2025

Пакистан Индияга каршы эл аралык сотко доо арыз даярдап жатат

0

Пакистан Индия маанилүү суу келишимин токтотуп койгонуна байланыштуу эл аралык сотко берүүгө камынып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн адилет министриАкыл Малик билдирди. Анын айтуусуна караганда, Исламабад бул маселени эл аралык деңгээлде көтөрүү үчүн ар кандай юридикалык чараларды караштырууда.

Алардын арасында Инд дарыясы боюнча 60 жылдык келишимдин ортомчусу болгон Дүйнөлүк банкка кайрылуу да бар.

“Юридикалык стратегия боюнча кеңешүүлөр аяктап калды”, -деди Малик 28-апрелде Reuters агенттигине берген маегинде.

2024-жылдын 22-апрелинде Кашмирдеги куралдуу чабуулда набыт кеткен 26 туристтин дээрлик баары Индиянын жарандары болгон.

Нью-Дели менен Исламабаддын ортосунда кырдаал курчугандан бери дипломатиялык жана соода байланыштары чектелди, башкы чек ара өтмөгү жабылып, визалар жокко чыгарылды.

Көп өтпөй Нью-Дели Пакистан менен түзүлгөн суу келишимин токтотконун жарыялады.

Келишим Инд дарыясын пайдалануу жана суу бөлүштүрүү эрежелерин жөнгө салат. Бул суу Пакистандын айыл чарбасынын 80% жана гидроэнергетикасын камсыз кылат. Макулдашуунун токтотулушу Пакистанга олуттуу көйгөй жаратышы мүмкүн. Анткени өлкө бир топ жылдан бери курч суу тартыштыгына туш болуп келет. Абалды климаттын кескин өзгөрүшү да начарлатып жатат.

Индия Пакистандын бийлигин чек аранын ар жагынан терроризмди колдоп жатат деп айыптап келет. Бирок бул жолку чабуул үчүн түздөн-түз Исламабадды күнөөлөгөн жок. Өз кезегинде Пакистан бул окуяга тиешеси жок экенин, Индия дарыя суусун токтотууга же башка нукка бурууга аракет кылса, аны "согуш аракетине" теңей турганын билдирди.

Маликтин айтымында, Пакистан бир эле эмес, бир нече багыт боюнча доо арыз даярдап жатат. Алардын арасында Гаагадагы Туруктуу Арбитраждык сот жана Эл аралык сот дагы бар.

Ал ошондой эле Пакистан өкмөтү бул маселени Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде көтөрүүнү да талкуулап жатканын кошумчалады.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России