Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

Блогер Орозбеков улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалды

0

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы блогер Айтилек Орозбеков кармалганын билдирди. Облустук милициянын маалыматына караганда, 15-апрелде социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингде Айтилек Орозбековдун өзүнүн атынан ачылган Ютуб каналда улут аралык кастыкты козутуу фактысы аныкталган. Буга байланыштуу анын каналындагы видеолор соттук экспертизага жөнөтүлгөн.

Экспертиза “улут аралык кастыкты козутууну пропагандалоо белгилери камтылган” деген жыйынтык чыгарып берип, Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жаран 50дөн ашык мекемени өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, бир тараптуу жыйынтык чыгарып, улут аралык кастыкты козутуу белгилеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги аныкталган жана ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жарандын буга чейин да (массалык баш аламандык фактысы боюнча) соттуулугу бар экени такталган”, - деп айтылат маалыматта.

Айтилек Орозбеков 6-майда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда. “Азаттык” Айтилек Орозбековдун мамлекеттик адвокаты менен сүйлөштү. Жактоочу блогер мамлекеттик адвокаттан баш тартканын, башка жактоочу аларын айтканын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2024-жылы 2-ноябрда Айтилек Орозбековду кармап, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып койгон. Өзүн Айтилек Орозбековдун досу катары тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган адам ал TikTok социалдык түйүнүндөгү видеого байланыштуу кармалганын айткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бул иш боюнча Айтилек Орозбековго 9-январда өкүм чыгарып, 70 миң сом айып салган.

Айтилек Орозбековдун Ютуб каналында 15 миңден ашык катталуучу бар. Ал соода борборлорун, тамактануучу жайларды кыдырып элди кыргыз тилинде тейлөөгө чакырган видеолорду чыгарып келаткан. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России