Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

УКМК: мыйзамсыз миграция уюштурууга шектүү чет өлкөлүк эки жаран камалды

0

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарында мыйзамсыз миграцияны уюштурган деген шек менен чет өлкөлүк эки жаран кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергеп-иликтөөнүн жүршүндө алар борбордогу курулуш объекттеринин бирине 46 чет өлкөлүктү ишке мыйзамсыз орноштурганы аныкталган.

"Бул жарандар туристтик визанын негизинде жүргөнү, иштөөгө укугу жок экени такталган. Алардын ар бирине 10 миң сомдон айып пул каралаган протокол түзүлдү. Курулуш компаниясынын жетекчилигине чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылды. Мыйзамсыз миграция уюштургандарга кылмыш иши козголуп, 16-майда чет мамлекеттин эки жараны кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө уланууда",-деп жазылган маалыматта.
Атайын кызмат камалгандар жана мыйзамсыз иштеп жүргөн дегендер кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Ушул айдын башында Бишкек милициясы "Нелегал" деп аталган операциянын алкагында Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды алып келип жумушка орноштурууда 800гө жакын мыйзам бузуу аныкталып, 3 миллион 615 миң 500 сомго административдик протокол түзүлгөн билдирген.

Анын алдында УКМК борбор калаадагы тигүү цехтеринин бири 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөнү аныкталганын кабарлаган.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Министрлер кабинети 2024-жылга чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России