Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

Европа Биримдиги "Азаттык" радиосуна 5,5 миллион евро бөлөт

0

Евробиримдик "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна чукул жардам көрсөтүү үчүн 5,5 миллион евро бөлүп берүүнү макулдашты. Бул тууралуу шейшембиде шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас билдирди.
Каллас Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусунан кийин журналисттерге айткан сөзүндө бул каражат "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "маанилүү ишин колдоо үчүн берилгенин" белгиледи.
Кая Каллас Евробиримдиктин каржылоосу дүйнө жүзү боюнча медианын ишин камтыбай турганын, бирок Кавказ жана Борбор Азия сыяктуу региондордогу өлкөлөргө басым жасаларын айтты.

"Европа өлкөлөрү бардык зарыл болгон каржылоону бере албасы анык", - деди ал.
Чехиянын ČT24 телеканалынын маалыматына караганда, жогорудагы каражат "Европалык демократия үчүн бейөкмөт уюму" аркылуу берилет. Баш кеңсеси Прагада жайгашкан "Эркин Европа/ Азаттык" радиосун Европа өлкөлөрү каржылоо боюнча ишти чех өкмөтү координациялап жатат.
"Уюмубуз ишин улантууга чукул жардамын көрсөткөнү үчүн Евробиримдиктин жардамына ыраазыбыз. Кая Калластын, Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавскийдин жана башка саясатчылардын аракеттеринин аркасында АКШда Конгресс бизге бөлгөн каражатты алуу жолун издөө менен бирге журналисттик ишибизди уланта алабыз", - деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчиси Стив Капус.
Быйыл мартта АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттиги (USAGM) “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган. Буйрукта жети өкмөттүк агенттикти, анын ичинде USAGMди да мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынган.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Кошмо Штаттардын Конгресси бөлгөн каражатты алуу үчүн агенттикке каршы сотко кайрылган. Радио өзүнүн доо арызында USAGM агенттигинин андай укугу жок экенин, анткени грант Конгресстин чечими менен берилерин жүйө келтирген. Ушу тапта соттогу териштирүү уланууда.
USAGM көзөмөлдөгөн медиа каражаттары 50 чакты тилде аптасына 361 миллион кишиге маалымат таратат.
Январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден бери мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу багытында аракет көрүп келаткан Трамптын редакциялык көз карандысыздык маселеси жана программалардын мазмуну боюнча агенттик менен буга чейин да пикир келишпестиги болгон. Инаугурациясынан кийин президент кайрадан ошол кооптонуусун кайталаган.
Бирок сөз болгон маалымат каражаттарынын тарапташтары эл аралык медиа АКШнын маанилүү дипломатиялык инструментине айланганын, добушун басууну алар сындаган авторитардык режимдер кубаттарын эскертишет. (AiA)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России