Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

Орусия: мигранттарды жүргөн жери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды

0

Орусиянын парламенти Москвада жана Подмосковьеде мигранттарды жүргөн жери, геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти Мамлекеттик Дума 20-майда дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен жактырды.

Ага ылайык, ушул жылдын сентябрь айынан тартып алгач Москва менен Подмосковьеде мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөгөн төрт жылдык эксперимент башталат. Алар атайын тиркемеге катталып, укук коргоо органдарына жүргөн жери, геолокация тууралуу маалымат менен бөлүшүүгө макулдук берет.

Мигранттар өлкө бийлигине жүргөн жери тууралуу такай маалымат берип турууга милдеттүү болот. Эгер мындай маалымат үч күн же андан көп убакыт түшпөй калса ал мигранттар көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилет, башкача айтканда, аларга Орусиянын аймагында болушуна тыюу салынат.

Бул талап мигранттардан сырткары Москва менен жана анын жанындагы облуска 90 күндөн ашык убакытка келген чет өлкөлүк жарандарга дагы тиешелүү болот. Бул эреже беларус дипломаттары менен алардын үй-бүлөсүнө колдонулбайт.

2029-жылдан тартып бул эреже Орусиянын бардык аймагына таратылат.

Мунун алдында Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин өлкөгө келген мигранттардын милдеттүү түрдө биометрикалык каттоого туруусун киргизүүнү сунуш кылган.

Ушул жылдын 30-июнунан тартып Орусияга киргени жаткан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына эреже-шарт дагы катаалдайт. Ага ылайык, Орусияга барам деген чет элдик 72 сааттан кечикпей бул өлкөгө келген, жүргөн себебин, максатын көрсөтүп, атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.
Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин мигранттар, анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандары, Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России