Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

Атайын кызмат 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарга рейд башталарын билдирди

0

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрдү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант мыйзамсыз жүргөнү айтылып, ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилди.

"Көптөгөн чет өлкөлүктөр жана чакыруучу субъекттер өлкөгө кирүүнүн жагымдуу жана жөнөкөйлөтүлгөн тартибин кыянаттык менен колдонушат. Чет элдиктер өлкөгө потенциалдуу туристтердин жана студенттердин атын жамынып келип, иш жүзүндө мыйзамсыз иштешет. Юридикалык жактар жана чет өлкөлүктөр, мамлекеттик алымды төлөөдөн качуу, мыйзамсыз мигранттарды (студенттер жана туристтер) жумушка кабыл алат, ошону менен миграциялык мыйзамдардын колдонуудагы талаптарын одоно бузушат",-деп жазылган УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жыйында мыйзамсыз миграцияны тыюу максатында тиешелүү мекеме-органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Анда 20 күндүн ичинде (10-июнга чейин) Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чыгаруу, бул убакыт аралыгында тиешелүү маалыматтарды таратуу, 10-июндан тартып укук коргоо органдары мыйзамсыз мигранттарды аныктоо үчүн текшерүүлөрдү баштоо сыяктуу чаралар бар.

Мунун алдында УКМК Бангладештин Х.М.М аттуу жараны мекендештерине Кыргызстандын жасалма визасын, уруксат берүүчү документтерди даярдап берип жүргөн деген шек менен кармалганын билдирген. Ага чейин Бишкек шаарында мыйзамсыз миграцияны уюштурган деген шек менен чет өлкөлүк эки жаран кармалганын билдирген. Тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө алар борбордогу курулуш объекттеринин бирине 46 чет өлкөлүктү ишке мыйзамсыз орноштурганы аныкталганын жарыялаган.

Ушул айдын башында Бишкек милициясы "Нелегал" деп аталган операциянын алкагында Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды алып келип жумушка орноштурууда 800гө жакын мыйзам бузуу аныкталып, 3 миллион 615 миң 500 сомго административдик протокол түзүлгөн билдирген.

Анын алдында УКМК борбор калаадагы тигүү цехтеринин бири 27 чет элдик жаран мыйзамсыз иштетип жүргөнү аныкталганын кабарлаган.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Министрлер кабинети 2024-жылга чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России