Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

Сот Канышай Мамыркулованын тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы узартты

0

Бишкектин Октябрь райондук соту 21-майда эркин журналист Канышай Мамыркулованын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Процесс маалында айыптоо актысы окулду жана анда Мамыркулованын Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүлөрү камтылганы белгилүү болду.
Журналист коюлган айыптардын баарын четке кагарын айтып, күнөөлүү эместигин дагы бир жолу кайталады.

Эркин журналистке кылмыш ишин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгоп, сотко ашырган.

Шаардык милициянын кызматкерлери Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып коюлган.

Өлкөдөгү бир катар укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитететинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдоп, журналистти кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.
Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России