Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

Amnesty International уюму кармалган журналисттерди бошотууга чакырды

0

Amnesty International эл аралык уюму 29-майда жасаган билдирүүдө “Клооп” басылмасынын кызматкерлерин кармоо көз карандысыз журналистикага каршы басым-кысымды күчөтүүдө деп белгиледи.
Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразер журналисттердин кармалышын “Кыргызстандын коопсуздук органдарынын башкача ой жүгүрткөндөрдү басуу жана көз карандысыз журналистиканы жок кылуу үчүн колдонуунун дагы бир көрүнүктүү мисалы. Андай аракеттер сын пикир айткандарга каршы багытталганы даана байкалып турат” деп айтты.
Стразерс андан ары улантып, “журналисттерди кесибине байланыштуу кармоо жана адвокаттарды алар менен жолуктурбоо, ордерсиз үйлөрүн тинтүү - Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелерди жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарын бузганын көрсөтөт” деп сындады. Муну менен катар укук коргоочу бул кармоолор “коррупция жана бийликтен кыянат пайдалануу учурларынын бетин ачуудан тайманбаган маалымат каражаттарын куугунуктоо кампаниясынын бир бөлүгү болуп калган” деген оюн кошумчалады.
28-29-майда "Клооп" басылмасынын азыркы жана мурдагы 7 кызматкери УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында суракка тартылган.
Басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкер Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалган.
Amnesty International эл аралык уюму аларды дароо бошотууга чакырды.
УКМК журналисттердин суракка алынышы жана кармалашы тууралуу комментарий бере элек.
Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Kloop" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон. Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн.

Былтыр 3-сентябрда президент Садыр Жапаров Kloop Media басылмасынын жабылышы боюнча “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бул сөз эркиндигине эч кандай таасирин тийгизбей турганын айткан. Жапаров Kloop басылмасынын иликтөөлөрүн бир жактуу, каралоо” деп баалаган.
“Биз 30 жылдан бери анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганбыз. Азыр эми ошол оорулардан коомчулук айыгып жатат. Бизде сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Болгону чындыкты чындыктай айтып турса, ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу - бул сөз эркиндиги эмес. Иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө жарымды каралоо максатында жүргүзгөнү үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын”, - деген болчу Жапаров. Президент Жапаров “эки жактуу иликтөөлөрдү жасагандарды колдойбуз” деп кошумчалаган.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России