Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

Казакстанда никеге мажбурлагандар кылмыш жазасына тартылат

0

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын – мажлистин депутаттары шаршембиде никеге мажбурлоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Кылмыш-жаза кодексине киргизилип жаткан түзөтүүдө андай аракет үчүн айып пул эмес, 2 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мажбурлоо зомбулук менен коштолсо, жашы жетелек өспүрүмгө каршы багытталса, бир нече адам тарабынан же кызматынан кыянат пайдалануу менен жасалса, анда катаал жаза - 7 жылга чейин абакка кесүү өкүмү чыгышы ыктымал.

Оор кесепеттерге алып келген кылмыш үчүн айыптуу 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Муну менен катар кимдир бирөөнүн артынан түшүп алуу (сталкинг) үчүн кылмыш жазасы киргизилүүдө. Ал үчүн айып пул салуу же 50 күнгө чейин камоо каралган.

Депутаттар белгилегендей, жабыркаган тарап полицияга кайрылса, андан ары иш тергөөчүлөргө өтөрүн белгилешет.

Эл өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, соңку үч жылда Казакстанда "кыз ала качуу" боюнча 214 арыз жазылып, анын 10го жакыны гана сотко жеткен. Калган иштер "далил жетишсиз" деген себеп менен сотко жетпей жабылганы кабарланды.

Коңшу өлкөдө никеге туруу максатында кыздарды ала качуу фактылары тууралуу расмий статистика жок. Укук коргоочулар адатта андай учурларда жабыркаган тарап полицияга арыз менен кайрылбай турганын жана сот өкүмү чыккан учурлар жокко эсе экенин белгилешет.

Былтыр мартта президент Касым-Жомарт Токаев ала качууну “чектен чыккан караңгылык” деп атап, тез арада тиешелүү мыйзамдарды кабыл алууга чакырган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России