Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

"Клооптун" дагы эки кызматкерин УКМК суракка алып кеткени кабарланды

0

"Клооптун" башкы редактору Анна Капушенко аталган басылманын дагы бир кызматкери Абдил Айтпайтегиндин (Төрөбаев) үйү тинтилип, өзүн Улуттук коопсуздук комитетитинин (УКМК) Бишкектеги бөлүмүнө суракка алып кетишкенин билдирди. Азырынча журналисттин суракка чакырылган себеби беймаалым.
Түштөн кийин басылманын офис-менежери Сымбат Баймурзаеваны суракка алып кетишкени маалымдалды. "Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин билдиргендей, Төрөбаевдей болуп, ал да журналисттик материалдарды жазууга катышкан эмес. Баймурзаеванын жакындары аны тинтүүдөн кийин УКМКга суракка алып кетишкенин айтып беришти.
Буга чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Клооп" басылмасынын УКМКга сурак берген, камалган журналисттери тууралуу билдирүү жасаган.
Ал Фейсбуктагы баракчасына аларды иликтөөчү журналист Болот Темиров "каржылап жүргөн" деп жазган. Бирок бул билдирүүсү эмнеге негизделгенин тактаган эмес.

Болот Темиров ага Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарып, Орунбековдун айткандарын жокко чыгарган.

"Кармалган балдар менен эч кандай байланышым жок. Көпчүлүгүн жеке тааныбайм дагы. Мен эч кимге буйрук (тапшырма) бербейм, эч кандай команда менен иштебейм, эч кимге акча төлөбөйм. Бардык иликтөөлөрдү өзүм жасайм. Кээ бирлерин башка көз карандысыз редакциялар менен, анын ичинде эл аралык өнөктөштөр менен чогуу ишке ашырам",- деп жазган Темиров.

Суракка кирип чыккан журналисттер, алардын адвокаттары Орунбековдун айткандарына азырынча комментарий бере элек. УКМК дагы бул окуя тууралуу комментарий берген жок.
28-майда "Клооп" басылмасынын журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына сурак берип чыккан.

"Клооптун" оператору Александр Александров жана басылманын мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалганын адвокат Бакыт Автандил билдирген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Kloop" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.

Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России