Добавить новость
103news.com
World News
Май
2025

УКМК "Клоопту" мыйзамсыз иштөөгө, жалган маалымат таратууга айыптады

0

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Клооп" басылмасынын журналисттери, кызматкерлери камалган, сурак берген жагдай тууралуу комментарий берди. Анда аталган медиа "мамлекеттик органдар тууралуу бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген",-деп билдирди.

"2024-жылдын февраль айында соттун чечими менен "Клооп Медиа" коомдук фонду жоюлуп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ага карабастан, мурдагы "Клооп Медианын" өкүлдөрү маалыматтык иш-аракеттерди жүргүзүп, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тууралуу бурмаланган маалыматтар менен терс багыттагы материалдарды жарыялашкан. Бул мыйзамсыз иш мындан ары массалык баш аламандыктарды уюштуруу үчүн коомдук пикирди бурмалоо максатында жарандардын нааразычылыгын жаратууга багытталган. Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соцтармактарда дезинформациялык мүнөздөгү макалалар жана посттор даярдалып,"Клооп Медиа" коомдук фондунун мурдагы уюштуруучуларына берилип, алар “Temirov Live” ютуб-каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров менен бирге монтаждоону жана андан ары жарыялоону жүргүзгөн. Мындан тышкары, журналисттерди каржылоо жана эмгек акы төлөө тартиби мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөн. Бул иш-чаранын башка катышуучуларына жүргүзүлүп жаткан иштердин мыйзамсыздыгынын негиздери түшүндүрүлүп, андан соң алар мыйзам талаптарын бузууну моюнга алып, мурдагы “Клооп Медиа” Фонду менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада беришти",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темиров "Клооптун" журналисттери менен кызматташканы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарган.

28-майда "Клооп" басылмасынын журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына сурак берип чыккан. Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов сурактан кийин 48 саатка камалган.

"Клооптун" башкы редактору Анна Капушенко 29-майда аталган басылманын дагы бир кызматкери Абдил Айтпайтегиндин (Төрөбаев) үйү тинтилип, өзүн УКМКнын Бишкектеги бөлүмүнө суракка алып кетишкенин билдирген. Көп өтпөй ушул эле күнү басылманын офис-менежери Сымбат Баймурзаеваны суракка алып кетишкени, кеңсеси тинтилгени маалымдалган.

"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин билдиргендей, Төрөбаевдей болуп, ал да журналисттик материалдарды жазууга катышкан эмес.

Анын алдында президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Клооп" басылмасынын УКМКга сурак берген, камалган журналисттери тууралуу билдирүү жасаган. Ал Фейсбуктагы баракчасына аларды иликтөөчү журналист Болот Темиров "каржылап жүргөн" деп жазган. Бирок бул билдирүүсү эмнеге негизделгенин тактаган эмес.

Болот Темиров ага Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарып, Орунбековдун айткандарын жокко чыгарган.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы соңку окуяларга байланыштуу билдирдүү таратты. Анда уюм "Клооп" басылмасынын жагдайынан улам камтамачылык билдирип, бул окуялар журналисттердин укуктарынын одоно бузулушу, сөз эркиндигине жасалган кысымдын көрүнүшү экенин белгиледи.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Kloop" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.

Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России