Добавить новость
103news.com
World News
Июнь
2025

Аракчи Иран чабуулду Израилдин кадамына жараша токтоторун айтты

0

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран чабуулун Израил соккуларын токтоткондо гана токтото турганын билдирди.

Ирандын тышкы мекемесинин башчысы жекшембиде Израилдин чабуулунан бери алгачкы жолу Тегеранда чет элдик дипломаттарды чогултуп, сөз сүйлөдү. Анын сөзүнө караганда, Иран чатактын аймактагы башка өлкөлөргө жайылып кетишин каалабайт жана "коргонуунун үстүндө" гана аракеттенүүдө.

Аракчи Вашингтонду Израилге көмөктөшүп жатат деп айыптады. Анын сөзү боюнча, Израилдин чабуулу - Омандын арачылыгы менен жүрүп жаткан Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 15-июнда болмок, бирок ракеталык чабуулдардан улам токтотулду.

Ирандын тышкы иштер министри АКШ бийлигин Израилдин аракетин айыптоого чакырды жана Тегеран Ирандын өзөктүк куралга аракет кылбасы айтылган келишимге барууга даяр экенин ырастады. Бирок бул Иранды өзөктүк укуктан ажыратпоого тийиштигин айтты.

Президент Дональд Трамп АКШ Израилдин Иранга чабуулуна эч кандай катышы жоктугун айтууда. Ошол эле учурда ал Иранды өзөктүк программа тууралуу АКШ менен келишимге барууга үндөп, Кошмо Штаттар келишимге кол коюлганда гана чатакты басууга даяр экенин билдирди. Вашингтон сүйлөшүүлөрдө дайыма Иранды уран байытуудан баш тартууга үндөп келет.

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль жекшембиде Германия, Франция жана Улуу Британия чыңалууну басаңдатуу үчүн Иран менен өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүнү "токтоосуз" баштоого даярдыгын билдирди. Чатакты токтотуу эки тарапка бирдей көз каранды экенин белгиледи.

Израил Иранда жакынкы убакта өзөктүк курал пайда болушу ыктымалдыгын билдирип, 13-июнда Иранга чабуул койгон. Бутага өзөктүк жана энергетикалык объекттер, аскердик базалар алынганы, аскерий жетекчилер мерт болгону кабарланган. Иран ага жооп кылып, Израилдин аймагын ракета менен аткылаган. Эки тарапта тең кыйроолор жана карапайым адамдардын арасынан каза тапкандар бар.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России