Добавить новость
103news.com
World News
Июнь
2025

Президенттин Нарындагы өкүлү Токмок шаарына мэр болуп дайыналды

0

Президент Садыр Жапаров 25-июнда Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду кызматтан бошотуп, Токмок шаарынын мэри кылып дайындады.

Жакында эле социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей, көңүл бурулбай жатканы тууралуу арыз-дооматтар айтылган. Нарындык тургундун бийлик жетекчилерине ыр менен кайрылганы талкууну күчөттү.

Ырда облустагы социалдык көйгөйлөрдөн баштап, жол курулушу, жергиликтүү бийликтин элге мамилеси баяндалып, Кыргызстандагы башка аймактарга көңүл бурулганы менен Нарын унутта калып жатканы камтылган.

Бул окуядан кийин 25-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү Нарын шаарына барды. Жыйында Садыр Жапаров президенттин фондунан Нарын шаарына 807 млн сом бөлгөнү айтылды.

53 жаштагы Алтынбек Эргешов буга чейин Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп иштеген.

25-июнда Садыр Жапаров Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кызматтан алды. Максат Нусувалиев, Токмок шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Т.у.А.) жана шаарда эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын директору (К.Т.Э.) 24-июнда Камчыбек Ташиевдин буйругу менен жыйын учурунда кармалган.

Алар Токмокто курулуп жаткан сейил бакка бөлүнгөн каражатка байланыштуу кармалды. УКМК курулуш иштерине 44 миллион сом каралып, анын 42 миллиону курулуш ишканасына өткөрүлүп берилгени менен иш жүзүндө акча толук жумшалбай, мамлекетке көп суммада зыян келтирилгенин кабарлаган. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России