Добавить новость
103news.com
World News
Июнь
2025

Президент бюджеттен бөлүнгөн акчага жасалып жаткан иштерди комиссия текшерерин айтты

0

Президент Садыр Жапаров сентябрь айынан баштап өлкөдө бюджеттен бөлүнгөн каражатка жасалып жаткан иштерди комиссия текшере турганын билдирди. Мамлекет башчы 27-июнда Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып,казынадан социалдык жана башка курулуш иштерге деп бөлүнгөн акча уурдалган окуялар бар экенин билдирип буга Токмок шаарын мисал кылды.

Садыр Жапаров быйыл Токмок менен Кара-Балта шаарларына 1 миллиард сомдон бөлүнгөнүн, бирок көзгө көрүнөрлүк иш жасалбаганын сынга алды.

“Сентябрь айынан баштап бүткүл өлкө боюнча казынадан акча бөлүнүп берилип жасалып жаткан иштер, курулуп жаткан курулуштар, асфальтталып жаткан жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, канча акча колуңарга тийди, кандай жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы уурдалды жалпы өлкө боюнча текшерүү жүргүзөбүз. Муну мен жеке өзүм колго алам. Кимде-ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарасыңар жана камаласыңар”, - деп жазды президент.

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча адис (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысы (К.Т.Э.) 24-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Шектүүлөр 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Аларга “Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган” деген кине тагылды.

Расмий маалыматка ылайык, Токмоктогу спорт мектебин жана сейил бакты оңдоп-түзөө иштери боюнча тендердин жеңүүчүсү болуп “Аль-Кадыр-Сантехсервис” компаниясы аныкталып, мамлекеттик сатып алуунун жалпы суммасы 61 миллион сомдон ашкан.

Иш 2024-жылдын башында башталып, жумуштар ушул күнгө чейин аягына чыккан эмес.

Спорт мектебинин имаратын оңдоого тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду түзсө, ал эми сейил бакты көрктөндүрүү 44 млн 283 миң сом болгон. Тергөөдө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузулганы аныкталган.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России