Добавить новость
103news.com
World News
Июнь
2025

Бишкек шаардык соту “Клооп Медианын” оператору Александровду камакта калтырды

0

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы “Клооп Медианын” видеооператору Александр Александровдун адвокатынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тартып, аны камакта калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, соттук коллегия чечимди 23-июнда кабыл алган.

Маалыматты Александровдун адвокаты Кайсын Абакиров “Азаттыкка” ырастап, бирок чечимди колуна ала электигин билдирди.

“Клооп Медиа” сайты басылманын мурдагы видеооператору Жоомарт Дуулатовдун бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арыздын каралган-каралбаганы белгисиз экенин жазды. Буга чейин “Апрель” басылмасы менен укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова шаардык соттун 23-июнга белгиленген соту болбой калганын билдиришкен.

28-29-30-май күндөрү "Клооп Медиа" басылмасынын азыркы жана мурдагы 8 кызматкери, анын ичинде журналист, оператор, эсепчи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында алты сааттай убакыт суракка алынган. Айрым журналисттердин үйүндө, медианын кеңсесинде тинтүү жүргөн.

Басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 21-июлга чейин камакка алган.

Атайын кызмат 30-майда билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Мекеме суракка алынган журналисттер “Клооп Медиа” менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада бергенин" маалымдап, жүзү жабылган бир нече адамдын видеосун жарыялаган. УКМК тинтүү болгонун да ырастаган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жарыялаган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну толук четке каккан.

Amnesty International эл аралык уюму чукул билдирүү жасап, “Клооп” басылмасынын кызматкерлерин кармоо "көз карандысыз журналистикага каршы басым-кысымды күчөтүүдө" деп сындаган. Кийин Human Rights Watch баштаган 10 эл аралык уюм Кыргызстандын бийлигин “Клооп Медианын” эки кызматкерине тагылган айыптоону алып, аларды бошотууга жана калган журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырган. (ErN)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России