Добавить новость
103news.com
World News
Июнь
2025

Азербайжан Орусия менен байланыштуу бардык иш-чараларын токтотту

0

Азербайжанда орус мамлекети жана жеке ишканалары менен бирге уюштурулуп жаткан бардык иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу Азербайжандын Маданият министрлиги билдирди. Мекеменин айтымында, мындай чечимге Екатеринбургда “орус укук коргоо органдарынын азербайжандарга этникалык мүнөздөгү максаттуу аракеттери” себеп болгон.

Токтотулган иш-чараларга концерттер, фестивалдар, көргөзмөлөр, спектаклдер жана башка программалар кирет. Уюштуруучулар сатылган билеттердин акчасын кайтарып ала алышат.

Чыңалган кырдаалда Азербайжандын парламенттик делегациясы Орусиянын Федералдык жыйынынын эл аралык парламенттик кызматташтык боюнча комиссиясы менен жыйынга катышпоону чечти.

Парламенттин түшүндүрмөсүндө мындай чечимге азербайжандык жарандардын өлүмүнө алып келген орусиялык укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери себеп болгону жазылган.

Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу 27-июнда Екатеринбургда азербайжандык 50дөн ашык кишинин кармалышынан кийин пайда болду. Анда эки киши каза таап, дагы экөө рейд учурунда оор жараат алган. Баку буга тиешеси бар күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону талап кылууда.

Азербайжандагы орус коомчулугу Орусиянын мындай аракетин сынга алды жана Екатеринбургдагы окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мындай кармоолор оор кылмышты иликтөөнүн алкагында болгонун, кырдаал толук көзөмөлдө экенин билдирди. ТИМдин өкүлү Мария Захарова “сөз 2001-, 2010- жана 2011-жылдардагы киши өлтүрүү фактысы жөнүндө” болуп жатканын тактаган.

E1.ru порталы жазгандай 2001-жылы Екатеринбургда Азербайжандан чыккан Юнис Пашаевди бычактап кетишкен. Ошол маалда кылмышка негизги шектүү катары “Каспий” кафесинин ээлери – бир туугандар Гусейн жана Зияддин Сафаровдор экени, алар 27-июнда кармоо учурунда каза болгону айтылды. Бул маалыматты РБК басылмасына укук коргоо органдары ырастаган.

Екатеринбургдагы кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында сот Мазахир, Акиф жана Аяз Сафаровдорду 19-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Аларга киши өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылды. Сот залынан тартылган сүрөттөрдө кармалгандардын биринин жүзүндө көгала тактар бар экени көрүнүп турат.

Дагы башка үч шектүү Ахлиман Гянджиев, Шахин Лалаев жана Бакир Сафаровдун бөгөт чарасы кийинчерээк каралат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России