Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Такыр-Төрдөн аккан суунун көлөмү көбөйүп, 782 киши эвакуацияланды

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 1-июлда эртең менен Такыр-Төр көлүнөн агып чыккан суунун көлөмү көбөйүп, 782 киши эвакуацияланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмалуу айлынан 500, Кебек-Бийден (Горная-Серафимовка) 240, Төмөнкү Серафимовка айылда жайгашкан карылар үйүнөн 42 адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Карылар үйүндөгү жарандарды Тез жардам менен коопсуз жайга чыгаруу иши уланууда.

Эвакуация иштерине ӨКМден жана Ички иштер министрлигинен 101 кызмакетр тартылып, 15 ыкчам унаасы, сегиз “Тез жардам”, жети кичи автобус жана жеке менчик жеңил автоунаалар тартылган.

“Маалым болгондой, 1-июль күнү түнкү саат 03:00 чамаларында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн агып жаткан суусунун көлөмү көбөйө баштап, Алмалуу жана Горная-Серафимовка айылдарынын ортосундагы автоунаа жолду каптап, автоунаа жол жабылган. Азыркы учурда абал турукташканына байланыштуу эвакуация болгон жарандар өз үйлөрүнө кайтышууда”, - деп айтылган маалыматта.

27-июнь күнү Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр тоолуу көлү жырылып, Алмалуу, Тоолуу-Серафимовка, Төмөнкү Серафимовка айылдарын аралап, Алмалуу айылындагы көпүрөнү агызып кеткен. Жол жабылган. Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата унаа жолун, дачаларды, көпүрөлөрдү жана карылар үйүнүн дарбазасын суу каптоо коркунучун жаралган.

Коопсуздук чарасында Алмалуу, Кебек-Бий айылдарынан 900дөй адам коопсуз жакка эвакуацияланган.

Такыр-Төр көлү буга чейин эки ирет, 1994- жана 2009-жылдары июнь айында ташып, кооптуу абал жаралган.

2024-жылы 21-августта Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан тоо көлү жырылган. Ага мөңгү эрип, көлдүн жер алдындагы агымдары көбөйүшү себеп болгону айтылган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России