Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Иран: Аракчи өзөктүк сүйлөшүүлөр тез арада кайра башталарын четке какты

0

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдү чукул арада кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн четке какты. Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегеран менен өзөктүк сүйлөшүүлөр ушул аптада башталат деген мурунку позициясынан кайтып, ушул тапта Вашингтон Ислам жумурияты менен андай иштерди жүргүзбөй эле турганын айткан.

30-июнда обого чыккан маекте Аракчи өткөн аптада Трамптын Ирандын өзөктүк программасы боюнча айтканына комментарий берди.

"Сүйлөшүүлөр чукул арада башталат деп ойлобойм", - деди Ирандын башкы дипломаты америкалык CBS телеканалына. - "Аны баштоодон мурун АКШ сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда эч кандай аскердик аракеттерди жасабай турганына биз ишенишибиз керек".

Аракчи "дипломатиянын эшиги эч качан жабылбай турганын" белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн бардык аспектилерин карап чыгуу үчүн көбүрөөк убакыт зарылдыгына токтолду.

АКШ - Иран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөргөн, андан соң жараян үзгүлтүккө учурап, 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк жана аскердик жайларына сокку ура баштаган.

22-июнда АКШ аскердик операцияга кошулуп, Тегерандын үч негизги ядролук объектисине, анын ичинде Фордодогу жер алдында курулган, коопсуздук чаралары катуу камсыздалган комплекске чабуул койгон.

Аракчи ошондой эле МАГАТЭнин жетекчисинин Иран бир нече айдын ичинде уран байытууну кайра жандандырышы ыктымал деген сөзүнө да комментарий берди.

"Технологияны жана илимди бомбалоо менен жок кылуу мүмкүн эмес", - деди Ирандын министри.

30-июнда президент Трамп Truth Social платформасына "Иранга эч нерсе сунуш кылынбаганын, алардын өзөктүк жайлары толук талкалагандан кийин сүйлөшпөгөнүн" жазды.

30-июнда МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси Фордо комплексиндеги уранды байыткан центрифугалар иштен чыкканын билдирген. Бирок Тегеран "бир нече айдын ичинде" уран байытууну кайра жолго коюушу ыктмымал экенин белгилеген.

12 күндүк согушта Израил Ирандын өзөктүк өндүрүшүн канчалык талкалаганы белгисиз. Тегеран чабуулдун кесепети оор болгонун белгилеп, бирок ядролук программасын баштагыдай эле тынчтык максатта уланта берерин билдирген.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России