Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Америкалык миллиардер Илон Маск жаңы саясий партия түзөрүн билдирди

0

Америкалык миллиардер Илон Маск жаңы “Америка” деген саясий партия түзөрүн жарыя кылды. Бул тууралуу ал Х социалдык түйүнүндө жүргүзгөн сурамжылоодон кийин чечим кабыл алганын жазды.

“Көз карандысыздык күнү өзүбүзгө эки партиялуу (айрымдар бир партиялуу дешет) системадан көз карандысыз болгубуз келеби деп суроо койгонго ыңгайлуу убакыт”, - деп жазды Маск 4-июлда.

Анын айтымында, бул максатка жетүүнүн бир жолу - "Сенаттагы эки-үч орунга жана Өкүлдөр палатасы үчүн сегиз-он округга көңүл буруу".

Илон Маск социалдык тармакта жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 65% жаңы партия түзүүнү кубаттаган. Кийинки күнү миллиардер партия түзүү чечими кабыл алынганын жар салды.

Буга чейин Маск менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Бул Масктын Өкмөттүн эффективдүүлүгү боюнча департаменттин (DOGE) башчылыгынан кеткенден кийин башталган. Маск Трамп сунуштаган бюджет мыйзамына жана салык жеңилдиктерин узартуу боюнча демилгеге ачык нааразычылыгын билдирген.

Ал эми Трамп бул мыйзамды "чоң жана мыкты мыйзам" деп мүнөздөсө, Маск аны "жийиркеничтүү жорук" деп атап, бул документтин кабыл алынышы АКШнын ансыз да өсүп жеткен мамлекеттик карызын кескин көбөйтөт деген пикирин айткан.

3-июлда АКШ Конгресси бул мыйзам долбоорун бекитти, ал эми Трамп ага АКШнын Көз карандысыздык күнүндө кол койду.

Мыйзам коргонуу тармагы үчүн чыгымды, мигранттарды жапырт депортациялоону каржылоону көбөйтүп, 4,5 триллион долларлык салыктык жеңилдиктердин мөөнөтүн узартууну камтыйт. Ошондой эле федералдык тамак-аш көмөгү жана аз камсыздалгандар үчүн медициналык камсыздандыруу сыяктуу социалдык программаларды кыскартат. Бир катар баалоолорго караганда, 12 миллиондой америкалык камсыздандыруусунан ажырашы мүмкүн.Мамлекеттик чыгашаларды каржылоонун бир бөлүгү экологиялык таза энергетика жана электромобилдер үчүн берилген субсидияларды жокко чыгаруу менен камсыздалат. Бул чечим Трамп менен Масктын ортосунда пикир келишпестикке себеп болду. Маск субсидияларды алып салууну "келечекке урулган сокку" деп атап, Ак үйдү социалдык тармактарда катуу сынга алды.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России