Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Аятолла Али Хаменеи Израил менен согуштан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты

0

Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи Израил менен 12 күнгө согуштан соң алгачкы жолу эл алдына чыкты. 5-июлда аталган өлкөнүн мамлекеттик телеканалы Хаменеи резиденциясынын жанындагы мечиттен чыгып, чогулган элге кол булгап жатканын көрсөттү. Ал мечитке шийи мусулмандардын негизги майрамдардын бири болгон Ашураны белгилөөнүн алкагындагы иш-чарага катышты. Мамлекеттик медиалар аятолланын билдирүүсүн жарыялабаганы менен иш-чаранын катышуучулары Хаменеи Иран душмандарга эч качан багынбай турганын айтканын билдиришти.

86 жаштагы Ирандын жогорку лидери 13-июнда башталган Израил менен согуш маалында эл алдына чыкпай, белгисиз жерде жашырынганы айтылган эле. Хаменеи куралдуу жаңжал учурунда эки жолу гана телекайрылуу менен чыккан. Акыркысы болжол менен бункерде жаздырылган. Ирандын коомчулугу арасында жогорку лидердин согуш учурундагы жүрүм-туруму талкуу жараткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп кеминде эки жолу Израилдин аятоллага кол салуусун болтурбай койгонун билдирген. Жаңжал күчөп турган учурда Трамп Кошмо Штаттардын бийлиги Хаменеинин кайда экенин билерин, бирок ага сокку урбай турганын айткан.

Израил менен жаңжалда маалында бир топ жогорку аскер лидерлерин жоготуп, өзөктүк программасына зыянга кириптер болгонуна карабай 26-июндагы кайрылуусунда Иран соңку согушта жеңишке жетишкенин жарыялаган. Кийин Ирандагы башка расмийлер мындай билдирүүнү кайталаган.

Ал тапта АКШдагы ашкере оңчул саналган теле алып баруучу Такер Карлсон 5-июлда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен маеги эки-үч күн аралыгында жарыяланарын айтып чыкты. Карлсон маек алуу сунушу менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга да кайрылганын, бирок расмий жооп ала электигин билдирди. Нетаньяху 7-июлда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугары кабарланган.

13-июнда Израил чабуул баштаганда Ислам жумуриятынын өзөктүк программасын бутага алганын билдирген. Иран ага жооп кайтарып, Израилдин аймагына ракеталарды жаадырган. Эки тараптан тең жоготуулар бар. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 627 киши каза таап, 5000дей адам жараланганын айтса, Израил 28 киши мерт болгонун билдирген.

21-июнда АКШ жаңжалга түздөн-түз аралашып, Ирандын үч өзөктүк ишканасын бомбалагандан эки күн өткөндө Катардагы америкалык база соккуларга кабылган. Ошондон кийин Вашингтон жана Доханын арачылыгы менен Иран менен Израил ок атышпоону келишкен.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России