Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

OCCRP: Трамптын кадр кызматынын башчысы Серхио Гор (Сергей Гороховский) Ташкентте туулган

0

АКШ президентинин Кадр башкармалыгынын директору, администрациянын таасирдүү, бирок эл алдына көп чыкпаган аткаминерлеринин бири Серхио Гор 1986-жылы 30-ноябрда Ташкент шаарында туулган. Бул тууралуу OCCRP жана Times of Malta басылмасы Гордун Мальтадагы кыймылсыз мүлкү катталган нотариалдык документтерге таянып билдирди.

Журналисттер анын туулгандагы аты-жөнү Сергей Гороховский экенин аныкташкан. Бул ысым бир катар расмий документтерде, анын ичинде Мальтанын Коспикуа шаарындагы үй ээсине берилген күбөлүктө көрсөтүлгөн. Ал үйдү америкалык аткаминер 2021-жылы 255 миң еврого сатып алган.

Серхио Гордун кайда туулганы жылдар бою беймаалым эле, ал өзү да бул суроодон тайсалдап, жооп берчү эмес. 2024-жылы декабрда The Washington Post аны Трамп администрациясынын "таасирдүү жана көлөкөдөгү архитектору" деп сыпаттап, бирок анын туулган жерин аныктай алган эмес. Кийинки макалаларында басылма аны "мальталык иммигрант" деп атаганы менен эч кандай далил таба алган эмес.

Гордун адвокаты Роберт Гарсон аткаминер Ташкентте туулганын тастыктады. Ал балалык чагында Мальтада көп убакыт өткөрүп, 1996-1999-жылдары эркек балдардын De La Salle College деп аталган католик мектебинде окуган. Аталган мектеп анын окуганын жана туулган күнүн, жылын ырастады.

OCCRP иликтөөсүндө Гордун үй-бүлөсү ал бала кезинде АКШга иммиграцияга кеткенин тактады. Анын израил жарандыгы бар энеси 1994-жылы Мальтада компания ачып, кийинки жылы кыймылсыз мүлк сатып алган. Ал мүлк уулуна мураска калган.

"Гор мырза балалыгынын бактылуу көз ирмемдерин эстен чыгарбоо үчүн үй-бүлөсү турган үйдү сактап калган", - деп анын адвокаты белгиледи.

Кошмо Штаттарда Гордун зоболосу көтөрүлүп, республикачыл сенатор Рэнд Пол менен иштешип, андан кийин Трамптын жакын чөйрөсүнө кирген. 2020-жылы Трамптын шайлоо штабынын финансы комитетинин башчысы болуп, кийинчерээк Трамптын уулу менен тыгыз кызматташкан Winning Team Publishing басылмасын негиздеген.

Ошондой эле Гор Орусияга бир нече жолу барганы дагы белгиленет. 2018-жылы Орусия менен АКШ алакасы талкууланган сапарда сенатор Полду Москвага коштоп барган. 2017-жылы Вашингтондон Москвага "Аэрофлот" компаниясы менен учуп барып, эртеси Римге жол тарткан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России