Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Өзбекстанда дарыга ууланып майып болуп калган кыз мерт болду

0

Өзбекстанда жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” дарысын ичкенден кийин майып болуп калган сегиз жашар кыз көз жумду.

Gazeta.uz басылмасы анын атасынан шилтеме кылып Жизак районунун тургуну, 1-топтогу майып Муслима Зиёвбоева 3-июлда мерт болгонун жазды.

Соттук материалдарга ылайык, Муслимага ата-энеси жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” сиробун 2022-жылы декабрда дарыгерлердин көрсөтмөсү менен берген. Көп өтпөй кыздын бөйрөктөрү иштебей, заара ушата албай калган.

Аны алгач жергиликтүү ооруканага жаткырып, кийин Ташкенттеги Балдар медицинасы улуттук борборго которулган. Жолдо Муслима комага түшүп калып, бир аптадан кийин эсине келген. Натыйжада кыз 1-топтогу майып болуп калган.

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган “Док-1 Макс” сиробун ичкендер жапырт ууланып жатканы 2022-жылдын аягынан тартып белгилүү боло баштаган.

Өлкөнүн коопсуздук кызматы кылмыш иши козгоп, Quramax Medical компаниясынын, Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жогорку кызмат адамдары кармалганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, бул дарыга ууланган 68 бала каза таап, дагы 23ү майып болуп калган.

Бул фактыларга байланыштуу соттук иштер 2023-жылы августта башталган. Анда каза болгон балдардын ата-энелерине ар бирине 1 миллиард сум, (79 миңдей доллар), ал эми саламаттыгына оор залал келгендерге 500 миллион сум (39,5 миң доллар) моралдык чыгым төлөп берүү тууралуу өкүм чыккан.

Балдары дарыга ууланган ата-энелер Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилерин да күнөөлөшкөн.

Бул окуядан Кыргызстандын дарыканаларында да бул дарыны сатууга убактылуу тыюу салынган.

2023-жылы "Док-1 Макс" дарысын чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму үч өлкөдө жөтөлгө каршы бул сироптон каза болгон 300дөй баланын өлүмүн иликтеп жатканын билдирген.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России