Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Газа: Израилдин соккусунан сууга кезекке турган 10 адам, анын ичинде алты бала набыт болду

0

Газадагы чукул кырдаалдар кызматтарынын билдиришинче, Израилдин соккусунан бери дегенде он адам, анын ичинде алты бала мерт болду. Чабуул алар канистрлерге суу толтуруп алуу үчүн кезекте турган маалда жасалган. Маалыматтарга караганда, кеминде дагы 16 киши, анын ичинде жети бала жараат алды.

Израилдин армиясы алар "террорчу" деп атаган адамдарды бутага алганда "техникалык ката" кеткенин билдирди. ЦАХАЛ "бул райондогу курмандыктар тууралуу билдирүүлөр тууралуу кабары бар экенин" айтып, "жайкын тургундарга тийген кандай гана кесепет болбосун өкүнөрүн" белгиледи.

Күбөлөрдүн айтымында, качкындардын аль-Нусейрат лагеринде жоон топ адам сууга кезекте турганда аларга учкучсуз аппараттан ракета менен сокку урулган. Социалдык тармактарда жерде канжалап жаткан балдар, адамдар тартылган видеолор тарады.

Би-би-си Газадагы Жарандык коргонуу агенттигинин өкүлүнө шилтеме кылып бул анклавда жекшембиде үч башка районго жасалган чабуулда дагы 19 палестиналык набыт болгонун жазды.
Кызыл чырым эл аралык комитети, ишемби күнү Рафахтагы талаа госпиталына 132 адам ок атуучу куралдан ар кандай жараат алып түшкөнүн, 30дан ашыгы мерт болгонун билдирди. Аларга чабуул азык-түлүк тараткан бекетке баратканда жасалганы айтылып жатат.

Газадагы чабуулдар ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.

Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.

Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России