Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Туманбаев Балыкчынын жаңы мэри Жантаев анын бөлөсү экенин ырастады

0

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Балыкчы шаарынын жаңы мэри Баатырбек Жантаев анын бир тууган бөлөсү экенин ырастады.
Ал 14-июлда Жантаевди эмгек жамаатка тааныштырып жатып, жакын тууганын бул кызматка президент Садыр Жапаров дайындаганын айтты. Анын ишин өзү жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.

"Мамлекетибизде жашыра турган эч нерсе жок. Бул жигит менин бөлөм болот. Бул жерге келип иштейин деген деле ою жок эле. Биз президентибиз койгон тапшырмага ылайык урматтуу президентибиздин сөзүн эч качан талкуулабайбыз. Туура эмес иштесе жоопко тартылат. Эч кандай тууган-билиш деген болбойт. Мен муну жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам, президентибиз ушундай тапшырма койду", - деди Туманбаев.

Мунун алдында президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Жантаевди Туманбаевдин "шакирти" деп атаган жана аны тажрыйбасы мол, иш билги кадр катары мүнөздөгөн.

Садыр Жапаров 14-июлда кызматка дайындаганынан 12 гана күн болгон Султан Кермалиевди Балыкчы шаарынын мэри кызматынан алып, анын ордуна Баатырбек Жантаевди дайындаган.

Соцтармактардагы маалыматтарга ылайык, Жантаев 32 жашта, буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасында эмгектенген. Анын билими, эмгек жолу тууралуу ачык булактарда толук маалымат жок.

Жантаевдин аты буга чейин негизинен Каныбек Туманбаевге байланыштуу аталып келген. "Азаттыктын" 2023-жылы сентябрдагы жаңы Ак үйдүн курулушуна байланыштуу иликтөөсүндө Жантаев тууралуу дагы сөз болгон.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России