Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Ысык-Көлдө жээкке кирүүгө акы алынган учурлар иликтенип жатат

0

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү айрым пансионаттарда жээкке кирүү үчүн акы алган учурлар тууралуу комментарий берди. Ага ылайык, Ысык-Көл райондук администрациясында атайын штаб түзүлгөн жана мындай учурлар иликтенип, териштирилип жатат.

"Штабдын курамына укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дагы башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү кирген. Алар эс алуу жайларындагы жана пансионаттардагы мыйзам бузууларды, анын ичинде эс алуучу объектилерге кирүүгө акы алынган учурларга байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Айрыкча, жарандардын көл жээгинде эркин жана тоскоолдуксуз жүрүү укуктарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында көлдөгү Palm Beach эс алуу жайы пирске киргендерден акча алып жатканы, мунун айынан эс алуучулар менен бул жайдын куткаруучуларынын ортосунда мушташ болгону тууралуу маалыматтар чыккан. Облустук ички иштер башкармалыгы буга байланыштуу төрт адам милицияга жеткирилигенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы августта “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгын өзгөрткөн. Анда көлдөгү кум жээктерге бардык жарандар ээн-эркин кире алат деп жазылган.
Бул жарлык ошол жылдын май айында чыккан жана анда июлдан тартып негизинен Ысык-Көлдүн тургундары гана пляждарга ээн-эркин кирип чыга алат деп көрсөтүлгөн.
Документтин негизинде менчик түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биоажатканалар менен жабдууга милдеттендирилген.

Ага чейин айрыкча жайкы сезондо айрым пансионаттар Кыргызстандын башка аймактарынан келген эс алуучуларды пляждарга киргизбей, анын айынан чуу чыккан учурлар байма-бай орун алып жаткан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России