Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык жуккан 10 бала чарчап калды

0

Кыргызстанда алты айда кызамык (корь) жуккан 8572 учур катталды. Ушул убакыттын ичинде ооруга чалдыккан 10 бала чарчап калды. Алардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар. Эки учур 1-5 жаш, дагы экөө 8 жаштан өткөн балдар. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, каза болгондордун баары ооруга каршы эмделген эмес. Аталган борбордун өкүлү, эпидемиолог Гүлзада Даданова ооруну жуктуруп алгандар Бишкек шаарында көп болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Буга ички-тышкы миграция себеп болуп жатканын.

"Былтыр кызамык оорусуна чалдыккан учурлар ушул учурда көбүрөөк болгону менен каза болуп калган учурлар азыраак катталган. Былтыр беш учур катталган. Баары эмдөө алган эмес. Айрымдары эмдөөгө жаш курагы жете элек болсо, кээ бири өздөрү баш тарткан же башка себептерден албай калгандар. Кызамык оорусун эмдөө жолу менен гана алдын алса болот, башка жолу жок".

Даданова кызамык оорусу күн ысыкта басаңдап, күз-кыш мезгилинде күчөй турганын эскертип, эмдөө албай калган ата-энелерди аймактык үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылууга чакырды.

Өткөн жылы катталган учурлар 14 миңден ашкан.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм да сейрек кездешчү.

Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тартып башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2024-жылы эмдөөдөн баш тарткан 20 миңдей учур катталган.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 бейтап катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.
Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.Вирус аба аркылуу жугат жана өтө тез тарайт. Кызамык биринчи дозасын ала албаган бир жашка чейинки балдар үчүн өзгөчө коркунучтуу. Оору кадимки сасык тумоо сыяктуу башталат – адамдын дене табы көтөрүлүп, мурундан суу агып, жөтөлөт. Бир нече күндөн кийин денеге ыйлакча, бүдүр чыгып, оору пневмония, отит, калчылдап карышып калган абалга чейин жеткирип, көз көрбөй, энцефалит оорусу пайда болушу ыктымал. (КЕ)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России