Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Жаза аткаруу кызматынын дагы бир жоокери өз өмүрүнө кол салып мерт болду

0

Жаза аткаруу кызматы өздөрүнө караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү бөлүгүнүн жоокери өз өмүрүнө кол салып, мерт болгонун ырастады. Бул фактыны Аскердик прокуратура тергеп жатканын билдирди жана толук маалымат кийинчерээк берилерин айтты.

Мунун алдында бир катар сайттар окуя Жалал-Абад шаарында 16-июлда эртең менен болгонун, жоокер асынып алганын жана аскердеги уставга жат мамилеге, ур-токмокко кабылганын айтып кат калтырып кеткенин жазышкан.
Маркум катында бул кадамга барганына күзүндө чакырылган жоокер себеп болгонун белгилеп, анын атын дагы жазган.
Жаза аткаруу кызматы маркум 20 жашта болгонун, аскерге жазында Нарындын Кочкор районунан чакырылганын билдирди.

Аскер прокуратурасы бул окуяга байланыштуу кылмыш иши тергелип жатканын бышыктады. Көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы тергөөнүн купуялуулугун жүйө келтирип, кеңири маалымат берген жок.

Өткөн айда эле Жаза аткаруу кызматынын дагы бир жоокери суицидге барганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ал жоокер Бишкекте соттолуучулардын бирин гемодиализ алуу үчүн медициналык мекемелердин бирине коштоп баргандан көп өтпөй эле ажатканага кирип өзүн-өзү атып алган. Окуянын себептери айтылган эмес.

Анда мерт болгон адам 20 жашта болгону, Молдовановка айылындагы №7412 аскер бөлүгүндө май айынан бери кызмат өтөп жатканы айтылган.
Бул фактыны дагы Аскердик прокуратура тергеп-иликтеп жатат жана кененирээк маалымат бериле элек.

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган болсо, 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России