Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Бишкектин мурдагы вице-мэри Ырсалиев 2.9 млн сом төлөп, камактан чыкты

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК ) Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Ы.Ж.С. (Жамалбек Ырсалиев) эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде чыгарылганын билдирди. Атайын кызматтын 18-июлдагы маалыматына караганда, ал 2.9 миллион сом зыяндын ордун мамлекетке төлөп берди.
17-июлда УКМК Ырсалиевге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгонун, атайын кызматтын тергөө абагына камалганын билдирген. Тунгуч кичи ройонундагы 1,5 миңдей чарчы метр жерди алты жыл бою "мыйзамсыз пайдаланылып келгенине тиешеси бар" экенин, анын негизинде мамлекетке үч миллион сомдой зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган. Ырсалиев менен кошо В.Н.А аттуу жаран да камалганы белгилүү болгон.

"Бул кичирайондогу №36 көп кабатуу үйдүн жанындагы жерге алты жылдан бери жеңил типтеги төрт коммерциялык объект, балдар үчүн аттракциондор орнотулуп, иштетилип турган. Болжол менен 1,5 миң чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жок мыйзамсыз ээленип алып, пайдаланылып келген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ы.Ж.С. 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турганда кызмат абалын пайдаланып, ал коммерциялык объектилерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөткөн. Буга байланыштуу жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрү түшпөй, олуттуу зыян келтирилген.Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамынын бул аракеттери Тунгуч кичи районунун жашоочуларынын нааразылыкты жараткан. Ошондой эле Октябрь райондук муниципалдык администрациясы сейил бак жана балдар аянтчасын куруу долбоорун ишке ашырууга тоскоолдук кылган. Учурда мыйзамсыз объектилер демонтаждалып, балдар аянтчасынын курулушу башталды. Бул участоктун ижарасынан түшпөй калган пайда 2 млн 979 миң 889 сом сом деп эсептелди", -деп жазылган маалыматта.
Ырсалиев 16-июлда Тунгучта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ошол жерде жашаган тургундар менен жолугуп жаткан учурда кармалган. Ташиев вице-мэрдин муниципалдык жердеги объектилери бар экенин айтып, алты жылдан бери алардын ижара акысын төлөбөй келе жатканын билдирип, ошол жерден суракка алууга буйрук берген. Ырсалиевге байланыштуу дагы башка фактылар териштирилип жатканын, укуктук баа берилерин айткан.
Ырсалиевдин жактоочусу жана жакындары бул дооматтарга үн ката элек.
Жамалбек Ырсалиев бул кызматка 2024-жылы май айында дайындалган. Ага чейин “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеп турган.
Ырсалиев 2020-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп кызматка келип, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке дайындалган. Кийин Биринчи май районунун акими болуп иштеп, 2022-жылы март айында кайра вице-мэр болгон.
Ал 2023-жылы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.
17-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жамалбек Ырсалиевди вице-мэр кызматынан бошоткон.
Мэриянын басма сөз кызматы анын кызмат орду толугу менен жоюлганын, функциясы Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаментинин башчысына берилгенин кабарлады.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России