Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Трамп WSJ басылмасы менен анын ээлерине 10 млрд долларлык доо койду

0

АКШнын президенти Дональд Трамп The Wall Street Journal (WSJ) гезитинин ээси, медиамагнат Руперт Мердокко жана басылманын эки кабарчысына каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Ал басылмада жарыяланган 2003-жылы Трамп Жеффри Эпштейнге ачык-айрым сүрөт жана “жалпы сырга” ишарат кылган куттуктоо катын жөнөткөнү тууралуу макала үчүн 10 млрд доллар кенемте талап кылууда. Трамп "жалган мүнөздөгү бул макала анын кадыр-баркы менен финансылык кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирди" деп эсептейт.

Арыз Флорида Түштүк округунун федералдык сотуна берилди.

“Руперт Мердок сотто көрсөтмө беришин кызыгуу менен күтүп турам... Бүйүр кызытарлык болот!” - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Жеффри Эпштейн – көп жылдар бою жашы жете элек кыздарды азгырып, сексуалдык эксплуатациялоо боюнча тармакты түзгөнү үчүн айыпталган финансист. 2019-жылы абакта отуруп өз жанын кыйган. Анын шериги Гислейн Максвелл 2021-жылы 20 жылдык мөөнөткө соттолгон.

Трамптын тарапташтары бийлик Эпштейндин жогорку даражалуу адамдар менен байланышын жаап-жашырууда деп шектенишет. Коомчулуктун басымы менен Трамп башпрокурор Пэм Бондиге Эпштейн менен Максвеллдин иши боюнча чоң жюринин протоколдорун ачыктоого жетишүү тапшырмасын берген. Курмандыктардын жеке маалыматтарын коргоону убада кылган Юстиция министрлиги тийиштүү өтүнүчтү жолдогон.

Wall Street Journal басылмасынын макаласына ылайык, Трамптын каты Эпштейндин туулган күнүнө карата берилген белек китебине кирген. Анда жылаңач аялдын алкактанган сүрөтү менен “Дональд” деген колтамгасы коюлган фразалар болгон. Трамп бир кездери Эпштейн менен достошуп жүргөн. Бирок, Эпштейн кармалгандан бир кыйла мурда эле аны менен кол үзүшкөнүн айтат.

Чоң жюринин протоколдору жарыяланган күндө да, ал жарым-жартылай редакцияланып, окуянын бардык чоо-жайын ачып бере албайт деп күтүлөт. Мындай материалдар тастыкталбаган, соттук териштирүүгө жардамы тийбеген маалыматтарды камтышы мүмкүн.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России