Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Имангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады

0

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 23-июлда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолукту.

ТИМден кабарлашкандай, анда негизинен мигранттарга байланыштуу маселелер талкууланды.

"Өзгөчө көңүл мигранттарды Орусияга жөнөтүү алдында даярдоо, Кыргызстандан чыгып кетүүдөн мурун сүрөткө тартуу, дактилоскопия жана медициналык кароодон өткөрүү жол-жоболорун өлкө ичинде уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө бурулду. Орусиянын "кара тизмесиндеги" кыргыз жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу чараларын талкуулашты. Кыргыз тарап миграциялык борборлордогу узун кезектерден улам Ички иштер министрлигини аймактык бөлүмдөрүндө документ кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу өтүнүчү менен кайрылды. Кыргыз тарап мигранттардын балдарынын орус тилден тест тапшыруусун Кыргызстандагы окуу жайларда өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды",-деп жазылган маалыматта.

Мындай сунуштарга элчи кандай жооп бергени тууралуу маалымат берилген жок.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ушул тушта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандарына байма-бай кайрылып, 10-сентябрга чейин документтерин тууралап алууга чакырып келет.

ТИМдин соңку маалыматына ылайык, 608 миңден ашык кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 377 миңге чукулу Орусияда миграциялык каттоого алынган.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. Мындан соң Орусиянын бийлиги миграциялык мыйзамдарын катаалдаткан.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России