Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысына сөгүш берди

0

Президент Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берди. Анын администрациясы мындай тартиптик жазаны "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" алганын кабарлады.

"Укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелерди алдын алууга натыйжалуу чараларды көрбөгөнү үчүн берилди",-деп жазылган маалыматта.

Соңку эки айга жакын убакта аталган кызматка караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү аскер бөлүгүндө эки жоокер өз жанын кыйды деген учур катталды.

Жалал-Абад облусунда 16-июлда асынып алды деген жоокер аскердеги уставга жат мамилеге, кысымга кабылганын айтып кат калтырып кеткени белгилүү болгон. Маркумдун туугандары бул окуя күмөндүү экенин айтып, тыкыр иликтенишин талап кылышкан.

Июнь айында Жаза аткаруу кызматынын дагы бир жоокери суицидге барганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ал жоокер Бишкекте соттолуучулардын бирин гемодиализ алуу үчүн медициналык мекемелердин бирине коштоп баргандан көп өтпөй эле ажатканага кирип өзүн өзү атып алган. Окуянын себептери айтылган эмес.

Чыңгыз Кожошев кызматка келгенден кийин айрым абактарда соттолуучулар сабалганы, ооруканага түшкөнү, ал тургай адам өлүмү болгону тууралуу маалыматтар чыккан. Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматтардын баарын жокко чыгарган.

Кийинчерээк бул жагдайга Садыр Жапаров дагы комментарий берип, камактагыларды тартипке келтирүү үчүн тинтүү иштери жүргөнүн жана анда киши өлүмүнө алып келген окуялар болбогонун билдирген.

Чыңгыз Кожошев бул кызматка былтыр декабрда дайындалган. Ага чейин, 2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келген. Ошондой эле күч түзүмдөрүндө эмгектенген. Бирок кайсы жылдары кайда иштегени тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

2022-жылы Кыргызстандан күч менен чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчаларына Кожошев буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы да болуп иштегенин жазган. Кожошев өзү буга байланыштуу комментарий берген эмес.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России