Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2025

Бишкек мэриясы Ботаникалык бак муниципалитетке карабасын билдирди

0

Бишкек шаардык мэриясы социалдык тармактарда азыркы абалы талаш-талкуу жаратып жаткан Ботаникалык бак тууралуу комментарий берди. Анда бул жай муниципалитетке эмес, Илимдер академиясына караштуу экенин билдирди.

“Ботаникалык бак Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына кирбейт жана муниципалдык түзүмдөрдүн балансына таандык эмес. Бул объект Улуттук илимдер академиясынын карамагында турат. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, бул жай өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын катарына кирет жана тиешелүү укуктук макамга ээ”, - деп жазылган маалыматта.

Ушул тушта социалдык тармактарда бул бактын азыркы абалы кызуу талкууланып жатат. Анын алдында былтыр ушул маалда жашыл болуп турган жайда азыр бак-дарактар азайып, чөптөрү саргайып, куурап, такыр болуп калганы тартылган видео тараган. Мындан улам соцтармактардын колдонуучулары негизинен Бишкек мэриясын сындап жаткан.

Илимдер академиясы Ботаникалык бак тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын башында "Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилген. Ага ылайык, мындай статусту Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү аянты 127,0 гектар жер тилкеси, Горький көчөсүндөгү аянты 20,15 гектар жертилкесине жана Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү аянты 4,17 гектар жер тилкеси алган.

2022-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Ботаникалык бактын каржылоосун түздөн-түз республикалык бюджетке алуу пландалып жатканын билдирген. Ал муну бак Илимдер академиясына караштуу болгондуктан ушул мекемеге бөлүнгөн бюджеттен каржыланарын, ошол себептүү анын аянты кароосуз калып жатканы менен түшүндүргөн жана бул талкуу жараткан.

Кийин Жогорку Кеңеште “Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын балансында калтыруу керек” деген чечим чыккан.

2023-жылдын мартта президент Садыр Жапаров Ботаникалык бакка барып, анын ошол учурдагы абалын көрүп, аны реконструкциялоону тапшырган. Ал бул жай Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек экенин билдирген. Ошол эле маалда “бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин” белгилеген.

Былтыр апрелде Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгү реконструкцияланып, эс алуучу сейил бак катары ачылган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России