Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Казакстандагы экинчи жана үчүнчү атомдук электр станцияны Кытай курат

0

Казакстандагы экинчи жана үчүнчү атомдук электр станцияларды (АЭС) Кытай курат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Роман Скляр "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын сөзүнө караганда, ушул тушта Атомдук энергия агенттиги менен "Казакстандын өзөктүк электр станциялары" ишканасы АЭСтер курула турган жерлерди аныктап жатат. Бул иштер ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керек.

Өткөн айда Казакстандагы биринчи АЭСти орусиялык "Росатом" ишканасы курары белгилүү болгон. Мекеме аралык комиссия бул компаниянын шарт-сунуштары "көбүрөөк төп келет" деп тапкан.
Көп өтпөй Атомдук энергия агенттигинин башчысы Алмасадам Саткалиев Казакстан ушул жылдын аягына чейин Орусия менен АЭС куруу тууралуу макулдашууга кол коёрун билдирген.

Казакстанда АЭС курууга кызыкдар компаниялардын катарында Орусиянын "Росатом", Кытайдын CNNC, Франциянын EDF жана Түштүк Кореянын KHNP ишканалары аталган.

Ушул жылдын башында казак өкмөтү өлкөдөгү биринчи АЭС салына турган аймак катары Алматы облусунун Жамбыл районун тандаган. Буга чейин АЭС салууга ыңгайлуу жер катары айтылып жүргөн Балкаш көлүнүн айланасындагы Үлкөн айылы да ушул районго карайт.

Былтыр октябрда Казакстанда АЭС курууга байланыштуу референдум өткөн. Расмий маалыматка ылайык, анда добуш бергендердин 71% мындай сунушту колдогон.
Казак коомчулугунда мындай станциянын курулушуна каршылар чыгып, нааразылык акцияларды өткөргөн. Алар өзөктүк реакторлор иштеп чыккан электр энергиянын тарифи кымбат болорун, калдыктарды жок кылууда маселе жараларын айтып келишет.
Бир катар экологдор жана юристтер региондогу сейсмологиялык активдүүлүктү эске алганда Балкаш көлүнүн жээгинде АЭС куруунун тобокелчиликтери бар экенин эскертишкен.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России