Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Окуучулар боюнча маалыматтын 90% санарипке өттү, кагаз журнал жана күндөлүк деген эми болбойт

0

Быйылтан тартып Кыргызстандын мектептеринде окуучулар кагаз түрүндөгү күндөлүк, мугалимдер баа коюлуучу "кызыл" журнал колдонушпайт. Бул тууралуу бүгүн 5-августта Агартуу министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бирим берүү тармагында санариптештирүү жараяны жигердүү жүрүп жатат, окуучулардын демографиялык маалыматынан, социалдык статусунан баштап сабакка катышуусу, алган бааларына чейинки бардык маалыматтын 90% санарипке өттү.

"Эми билим берүү процессинин бардык этабы — баа коюу, ата-эне менен байланыш, үй тапшырма берүү, баары электрондук форматта жүргүзүлөт. Мугалимдер, директорлор, ата-энелер “Күндөлүк” жана башка санарип платформалар аркылуу иштешет. Бул жөн эле кагаз форматты алмаштыруу эмес, билим берүүнү башкаруунун жаңы баскычы", — деди агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева республиканын мектеп директорлорунун орун басарлары үчүн уюштурулган педагогикалык форумда.

"Жаңылыктын жарчысы" педагогикалык форумун министрлик жаңы окуу жылына карата мугалимдерди жана мектеп администрацияларын даярдоо, бардык аймактарда заманбап, санарипке негизделген билим берүү моделине өтүүнү камсыз кылуу максатында өткөрүп жатканы маалымдалды.

Кыргызстанда алгачкы жолу Санарип кодекси кабыл алынганын, быйыл январда Жогорку Кеңеш бекиткен кодекске президент Садыр Жапаров кол койгонун 4-августта анын маалымат кызматы кабарлады. Бул кодекстин ичинде санарип тармактагы (санарип экономика, электрондук коммерция, жеке маалыматтарды коргоо, маалыматтык коопсуздук ж.б.) бардык мыйзамдар жана ченемдик актылар системага келтирилери маалымдалган.

Соңку жылдары бардык тармактарда санарипке өтүү аракети көрүлүүдө. Санарип технологиялар катардагы жарандардын күнүмдүк турмушунда да кеңири колдонулуп жатат, жеке документтеринин, маалыматтарынын баары мамлекеттик органдарда санарип форматта сакталууда.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2377 мектеп бар, алардын 2173ү мамлекеттик, калган 204ү менчик.

Кыргыз өкмөтү менчик мектептердин көбөйүшүн кубаттап, алардын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирүүдө.(RK)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России