Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

"Клооптун" иши: Александров менен Дуулатовдун соту 1-сентябрда уланат

0

5-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Клооп" медиасынын жапырт башаламандыкка чакырыкка шектелип жаткан мурдагы эки операторунун жана эки эсепчисинин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы сот отуруму өттү.

Прокурор аларды коюлган айып менен тааныштырды, айыпталуучулар тагылып жаткан күнөөнү мойнуна ала турганын билдиришти.

Мурдагы оператор Александр Александровдун адвокаты Кайсын Абакиров аны үй камагына чыгарууну өтүнүп, үй-бүлөсүндө негизги киреше табуучу экенин, чоң насыясы бардыгын жүйө келтирди.

Сот кеңешүүгө чыгып келгенден кийин Александровду үй камагына чыгаруудан баш тартты, кийинки отурумду 1-сентябрга дайындады.

"Клооптун" мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда "жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар" деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон.

28-29-май күндөрү Ошто жана Бишкекте "Клооптун" иштеп жаткан жана мурдагы төрт кызматкери жана алардын эки таанышы да кармалган. Баары суракка алынып, видео аркылуу кечирим сурагандан кийин коё берилген.

"Клооп" тергөөчүлөр медианын эсепчилерин жана кеңсе менежерин да суракка алып, техникалык кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым жабдыктарын жана каржылык документтерин алып кетишкенин маалымдаган.

20-июлда "Манас" аэропортунда "Клооптун" мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалып, УКМКда суракка алынгандан кийин коё берилгени кабарланган.

Басылманын бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн.

30-майда УКМК билдирүү таратып, "Клооп Медианы" "мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген" деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну толук четке каккан.

Медианын иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынып жатышын "Чек арасыз кабарчылар" (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар айыптап, кармалган кызматкерлерди боштондукка чыгарууга чакырышкан.

2024-жылдын сентябрында "Клооптун" сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. (ErN/RK)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России