Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Көк-Жардагы курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалды

0

Бишкектин Октябрь райондук сотунун 7-августагы чечимине ылайык, Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурунда мыйзамсыз саналган курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын жактоочусу Алмамбет Бексултанов билдирди. Адвокат алар “Жолдорду мыйзамсыз тосуу” беренесине айыпталып жатканын кабарлады.

“Бул өтө оор кылмыштарга кирбейт. Эгерде алар качып кетсе, тек-жайы ырасталбаса, жашаган жери жок болсо камаса болот. Бирок, баарын тастыктап бергенибизге карабай камап коюшту. Камалгандардын биринин аялы жок, ДЦП менен ооруган баласы кошуналарда калды, экинчисинин үч баласы, 1,5 миллиондук насыясы бар. Үчүнчүсүнүн кош бойлуу аялы ооруп жатат. Төртүнчүсү улгайган, ооруган эже. Баары эле карапайым адамдар”, - деди жактоочу.

Октябрь райондук милициясынын маалыматында, 6-августта Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар жолду мыйзамсыз торошкон. Бул факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (“Жолдорду мыйзамсыз тосуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Тергөөдө 26 (Б.М.), 34 (А.Б.), 36 (К.Н.), 35 (М.У.) жана 60 (А.Ж.) жаштагы беш адам кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 128-беренеси (“Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө”) менен протокол түзүлдү. Милиция жолдорду мыйзамсыз тороо кылмышка жатарын, бул үчүн бир жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.

Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш барын, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Аларды бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолууда. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтышууда.

Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, себеби мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болорун кабарлады. Шаар бийлиги Көк-Жар жаңы конушундагы үйлөр 2021-жылдан кийин салынганын кошумчалаган. (TSh)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России