Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Лондондо Палестинаны жактаган уюмду колдогон акцияда 500гө чукул киши кармалды

0

Лондондун полициясы билдиргендей, Вестминстердеги Парламент аянтында тыюу салынган Palestine Action уюмун колдогон митингде 474 адам кармалган. Бул тууралуу Би-Би-Си басымалсы жазгандай, акциянын катышуучулары колдоруна «Мен геноцидге каршымын. Мен Palestine Action уюмун колдойм» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп жүрүшкөн.

Быйыл июлда Palestine Action 2000-жылдагы Терроризмге каршы мыйзамдын негизинде террордук уюм деп таанылган, бул уюмга мүчө болуу же анын иш-аракеттерин колдоо кылмыш катары эсептелип, 14 жылга чейин абакка кесүү жазасы каралган.

Полиция билдиргендей, Palestine Action уюмун колдогон плакаттарды кармап жүргөндөрдүн баарын кармоо аракети көрүлүүдө.

Социалдык тармактарга жарыяланган тасмалардан полиция кызматкерлери нааразылык билдиргендерди аралап, алардын жанына барып сүйлөшкөндөн кийин кармап кетип жатышканын көрүүгө болот.

9-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 21:00гө карата калаа полициясы 466 киши тыюу салынган уюмду колдогону үчүн, дагы сегиз адам башка укук бузууларга байланыштуу кармалганын билдирди.

Кармалып, каттоого алуу маалында өзү тууралуу маалыматтарды бергендер мындан ары Palestine Action кыймылынын акцияларына катышпоого милдеттендирилип кое берилген. Ал эми өзү тууралуу маалымат бербеген жана такталбаган жарандар камакка алынды.

Полициянын маалыматына караганда, аянтта 500-600дүн тегерегинде киши чогулган болсо, алардын баары плакат көтөргөн эмес. Айрымдары журналисттер жана акцияны көргөнү келгендер болгон.

Акциянын уюштуруучулары аянтка 1 миңге чукул адам чогулганын, күч кызматкерлери алардын баарын кармабаганын билдирди. Полиция бул маалыматты төгүндөдү. Акцияны Defend Our Juries (“Биздин калыстарды коргойлу”) активисттери уюштурган. Уюмдун сайтындагы маалыматта анын аталышы мурда калыстар тынч митингдерге катышкандарды актап келгенин, бирок акыркы убакта аларга басым көрсөтүлүп жатканын түшүндүрөт.

Бул нааразылык акциясы “Израил жүргүзүп жаткан геноцидге Британиянын шериктеш болуусуна каршы чыгуу” катары көрсөтүлгөн.

Бейшемби күнү эки аял жана бир эркек болуп, үч адамга алгач ирет Palestine Action уюмун колдогону үчүн расмий айып тагылды. Алар 5-июлдагы нааразылык акциясында кармалып, алардын иши 16-сентябрда Вестминстер магистраттык сотунда карала баштайт. Өткөн айда ички иштер министри Иветт Купер киргизген тыюудан бери ушундай шек менен өлкө боюнча 200дөн ашык адам кармалган.

Июл айынын аягында Лондондун Жогорку соту Palestine Action уюмуна аны террордук уюмдардын тизмесине киргизүү чечимине каршы даттанууга уруксат берди.

Топтун тең-уюштуруучусу Худа Амморинин юристтери бул тыюу сөз эркиндигин чектей турганын жана мыйзамдуу нааразылык акцияларына каршы “оозду жабуунун” чарасы экенин айтышкан. Өкмөт болсо тыюу олуттуу кылмыштарды уюштурган топко каршы багытталганы үчүн негиздүү деп эсептейт.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России